Menu

Мамбетжунус Абылов, коомдук жана саясый ишмер: “Унгар тоонун чыры менен сыры”

Бөлүшүү:

Унгар тоо чыры чыккандан бери,

Унгар тоону кээ бир гезит журналдар Үңкүр-тоо деп туура эмес атап жатышат. Чындыгында, Унгар тоо деген ат, ундай ээленип жааган каардан келип чыккан. Эмне үчүн тоодо, өрөөндөргө караганда, каар унга окшоп ээленип жаарын физиктерден сурасаңар түшүндүрүп берет.

Унгар тоо чыры эмнеден башталды, чу дегенде ушуга көңүл буруңуздар

17-март күнү Президент Атамбаев Аксыгы келип, Боспиекте акаевдин канкорлору атып өлтүргөн патриот жигиттерибизге куран окутуп кеткен. Ошол эле күндүн эртеси 18-мартта өзбектердин аскерлери өлкөбүздүн Аксы районунун Сары Булак айылынан өткөн жолду басып алып, ал жолго өзүнүн посторун орнотуп, Аксыдан Алабука, Чаткалга ары бери каттаган кыргыздардын паспортторун текшерип, кыргыз жеринде кожоюндук кыла баштады. Унгар тоонун чыры, өзбектер кыргыз жерин басып алгандан башталды.

Унгар тоонун чырынын сыры

өлкөбүздүн оппозициялык маанайдагы «Эл үнү» коомдук саясый кыймылы 22-мартта Аксыда митинг уюштурганда ачылды. Себеби, Президент баш болгон кыргыз бийлиги, кыргыздарга кожоюндук кылып жаткан өзбектерди кыргыз жеринен кууп чыкандын ордуна, Өзбекстанга  нараазычылык нота жиберүү менен чектелип, ал эми кыргыздын чек ара коргоо органы, өзбек аскерлерине тап салгандан айбыгып, аларды сырттан гана акмалап тургандыгынан,  «Эл үнү» коомдук саясый кыймылы, 22-марта Аксыда элди митингке топтоду.

Кыргыз бийлиги озбектерге каршы эч чара көрбөй жаткандыктан,

ал аталган митингде Аксы эли, кыргыздар менен өзбектердин базары, мазары, тарыхы, келечеги бир эл экенин эске алып, кыргыз элин сыйлап,  аскерлеринизди чыгарып кетиңиз деп Өзбекстандын Президенти И.Каримовго кайрылууну бир добуштан кабыл алды. Ал эми Россиянын Президенти В.Путинден кыргыз менен өзбек бийлигин сүйлөшүүгө отургузуунун демилгечиси болуусун өтүндү. Путиндин таасири тийдиби, же Аксы элинин кайрылуусунун таасири тийдиби, рахмат, И.Каримов Аксыдан аскерлерин алып чыгып кетти. Муну элдик дипломатиянын жана А.Бекназаров жетектеген опозициянын ийгилиги катары баалаш керек.

Өзбектер СарыБулакты басып, кыргыз жеринде кожоюндук кылып жатканда

мунун сыры Унгар тоодо экени ачыкка чыкты. Себеби өкмөт башчы Сариев, өзбектерди биздин жерден кууп чыгаруунун ордуна, 18-март күнү Кербен шаардык кеңешке өзү 11- ноябрь 2015-жылы кол койгон 18-177 номерлүү протоколду жолдоп, Кербендин депутаттарынан Өзбекстандын территорясында жайгашкан Кыргызстандын Унгар тоодогу радиореле станцияларын башка жакка көчүрүү боюнча чечим кабыл алуунун талап кылды.

Унгар тоо

Кокон, Совет доорлорунда да кыргыз жери болгондуктан, Кербен депуттары Сариевден ким жана качан Унгар тоону Өзбекстандын территорясына айландырганы тууралуу маалымат берүүнү талап кылып, Сариевдин талабын депутаттар четке кагышты. Сариев болсо бүгүн, мен өзбек территориясында жайгашкан эмес, өзбек кыргыз чек арасында жайгашкан радиореле станцияны башка жакка көчүрүү үчүн чечим кабыл алгыла деп протоколго кол койгом деп элге башка протоколду көрсөтүп жатат. Анда Унгар тоо Өзбекстандын территориясы деген протоколго ким кол коюп, ким Премьер-министирдин печатын баскан? Ал протоколду Кербен шаардык кенешинин кеңсеси 18-мартта кабыл алды деп ким ал протоколго штамп басып каттодон өткөргөн? Ким ал протоколду Кербен шаарынын депуттарынын жыйынында карап чечим кабыл алыш үчүн күн тартибине киргизген? Ушуну баары ал протоколдун бар экенинин далилдейт. Ошондуктан элге жалган протоколду көрсөтүп жатканы үчүн Сариев жоопко тартылыш керек. Себеби премьер-министирлик кызматка кирип жатып ал парламенттин астында элге жалган сүйлөбөймүн деп ант берген.

Сариевдин калпын ачыш үчүн

Жогорку кеңештин комитети өлкөнүн Башпрокуратурасына 20-апрелге чейин прессада жарыяланып кеткен Сариевдин протоколу жасалма же жасалма эмес экенин тактап чыгууну тапшырды. Андан сырткары парламент оппозициясына кирген «Республика – Атажурт» партиясы да, бул протоколдун чын төгүнүн далилдоо үчүн атайын комиссия түздү, себеби биздин өлкөдө бүгүн прокуратура мыйзамга эмес, бийликке гана баш ийип, бийликтин эле айтканын аткарган органга айланып калган.

Элди ушул маселеден алаксытыш үчүн

бийлик бүгүн оппозиция өкүлдөрүн камакка алып, оппозиция бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүулөрдү жүргүзүп жатат деп эч кандай экспертизадан өтпөгөн жалган аудиожазмаларды элге угузуп, таратып  жана көрсөтүп жатат. Эгер Кыргызстандын Унгар тоосу өзбектердин территориясы деп Сариев кол койгон документти оппозиция элге алып чыкпаганда, бир да оппозиционер бүгүн камакка да, суракка да алынмак эмес.

Бийликтин кошоматчылары

бүгүн оппозицияны катуу каралап жатканы, Атамбаевдин бүгүн айласы кетип калганын гана далилдейт. Себеби Сариев негизи жок Унгар тоону Өзбекстандын территорясы деп бир да документке кол коймок эмес. Эгерде Атамбаев бул протокол боюнча Сариевди калкалабаса, Сариев болгонун болгондой айтууга мажбур болот. Ошондуктан Сариев чындыкты айтып салбасын деп, Атамбаевдин кошоматчылары элдин көңүлүн бүгүн Сариевден оппозицияга бурууга далалат кылып жатышат.

«Эл үнү» коомдук саясый кыймылынын штаб башчысы, коомдук жана саясый ишмер                                    Мамбетжунус Абылов

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: