Menu

Эл арасындагы ынтымакты бузган Шекербекпи же Медетбекпи?

Бөлүшүү:

Буга чейин Аксы районунун жергиликтүү тургуну, коомдук активист Шекербек Камчыбек уулу  Facebook тагы өздүк баракчасына “митингден кийин бийлик тарабынан коркутуулар болду” деп билдирүү жазган. Анын айтымында,  “Кабак” каймана аты бар Алмаз тарабынан “өлөсүң, жок болуп кетесиң”,- деген коркутуулар болгон. Анда райондун акими Медетбек Айдаралиев, райондук милициянын жетекчиси М.Добулбековдун кылган иши деп билдирген активист.

00B23554-FC51-4880-9AB4-66ABC7F19D00_mw1024_s_nАксынын акими Медетбек Айдаралиев активист Шекербектин айтканын жалган жалаа экендигин айтып, андан бул дооматты сот аркылуу далилдөөсүн талап кылынарын  жарыялады. Аким Аксыда криминал жок болгонуна 5 жыл болду деген ойдо: “ коомдук активист Шекербек 2-3 жылдан бери элдин арасындагы ынтымакты бузуу үчүн ар кандай маалыматтарды атайын таркатуу менен алек болуп жүрөт” деген ойду айрым маалымат булактырына айтып чыкты.

Аксы эли аким Медет Айдаралиевдин жосунсуз жоруктарын жана кылыктарын беш колдой жакшы билет. Элдин арасындагы ынтымакты бузган Шекербекпи же Медетбекпи деген суроо жаралат. Аксыда Медетбек Айдаралиев аким болгондон бери элди саруу-багыш уруусуна бөлүп, кол астында иштеген жумушчуларды урууга бөлүү менен “саруу” уруусунан болгон жумушчуларды иштен кетиргендиги тууралуу дооматтар арбын. Бүгүнкү күнгө чейин райондо көп жылдардан бери жергиликтүүлөрдү уруу-урууга бөлүү чоӊ көйгөй болуп келе жатканын айтып келишет. Ал “дежурный” 2-3 ак сакалды мени колдоп койгула деп Ак үйгө жөнөтүп, өзү кылган кылыктарын “мен кылбадым, акмын” деп чыга калууда. Аксы эли дагы да болсо М.Айдаралиевдин көптөгөн кылык-жоруктарына чыдап жашап келе жатат. Буга чейин жергиликтүүлөр “Айдаралиев Аксынын ханы болду” деген бир катар нааразычылыктарын ачык билдирип чыгышкан.

IMG_2115Учурда “одноклассники” социалдык түйүнүндөгү “Падыша-Ата Кулундары” баракчасында,   Аксы райондук администрациясын башчысы (АКИМ) болууга кимиси татыктуу? деген суроонун алкагында сурамжылоо жүргүзүлүп, анда активист Камчыбек уулу Шекербекти колдогон тургундардын ой пикирине көз чаптырсак болот.

Эске салсак, Шекербек Камчыбек уулу буга чейин социалдык маселелер боюнча Аксыда өткөн митингдердин демилгечиси жана өзбек чек арачылары басып алган Сары-Булак участкасындагы кырдаалга байланыштуу Кербендеги оппозициянын жыйынын уюштургандардын катарында болгон.

Упел АНАРКУЛОВА

Булак: “Эл деми”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: