Menu

Кенжебек Арыкбаев, журналист: “Алмаз Атамбаевдин башына оор иш түшкөндө Кубаныч Кадыров жөлөк болсо, Темир Сариев “оптом” сатып кеткен”

Бөлүшүү:

Маймыл жылынын аяктап бараткан март айы саясый жана социалдык окуяларга жык болду. Эң ириде, баарыбыз үчүн олуттуу болгон кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн кырдаал кандай деңгээлде болсо да жөнгө салынды. Кимдин эмгеги болсо да, бул чынында эле мактоого татырлык нерсе болду. Ошондой эле өлкөбүздүн ичиндеги бийликтегилер менен экс-бийликтегилердин (жана аларды жандап жүргөндөрдүн ортосунда) бири-бирине тап көрсөтүүсү да тараза ташында аныкталып калды окшойт. Бул “тиреште”, албетте, бийлик утту бейм. Өзүнүн күчүн да, административдик ресурсун да көрсөтүү менен. Бирок, ал “оюнга” эң негизки күч катышкан жок. Элдин көпчүлүгү. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү. Алар кыраакылык менен баарын байкап гана турушту.
Туура. Кыргызстанга азыр үчүнчү төңкөрүштүн кереги жок. Үйүңдүн эле чоңураак терезеси сынып калса, билинбеген менен аны кайра калыбына келтирүү канча машакат? Мамлекет талкаланып, тонолуп, өрт чулгап, бейкүнөө өмүрлєр кыйылып, бийликке жетүүнүн жолу курусун! Ошол эле учурда бийликтин бийик жерине отуруп алышып, каалагандай чалмакейлерин чала беришсе, элге жылуулугу тийбесе мышык деле арстанга айланып кетээрин “асмандагыларыбыз” унутпашы керек. Тилекке каршы, алардын тегерегин кимдер гана курчап жүргөн жок. Көрсө, “ар бир бийликтин “бекем тиреги” — бекем көз караштары жок адамдар” деген чын окшойт. Ошондойлордун ашепке кошоматчылыгы жана акылы мененби, азыр позициялары бат өзгөрчү адамдар арасында “жарыш” башталды. “Эл душмандары” делип аткандардын жер-жеберине жетип. Телеканалдар менен басылмаларда “тоту куштай” сайрап киришти. Єзүн атаман сезгендердин мазактаганы аз келгенсип. “Журт бузаарлар”, “шайтандын кулдары”, “клоундар”, “политикандар”, “бандюгалар”, “больные люди”, “невменяемыйлар”, “андайларды таш бараңга алгыла”… Не деген гана сөздөр айтылбады? Мөндүрдөй жаады. Бул сөздөрдү айткандар канчалык харизматик болсо да тилди мынчалык агытпаса болот беле? А.Акаевди мындай кой, “канкор” деген К.Бакиев да өзүнүн жек көргөн адамдарын анчалык мазактаганын укпаптырмын. Ансыз деле “төңкөрүшчү” атка конгондордун жоругун эл деле таразалап турат. Канткен менен улуу драматург У.Шекспрдин “Отелло” трагедиясында “мавр өз ишин жасады” дегендей, “жасачулар” өз иштерин армансыз эле жасады окшойт. Ал эми “Яголор” көшөгөнүн артында мүдөөлөрү канып, жылмайып турат. Хан сарайда кандай болсо да, башкаруучулук чылбырды тырыша кармап жаткандай аракет. Ыпласпы, тазабы болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып. Аларың бийликте түбөлүк түркүк болуп, эч ким калган эмес экенин сезгилери келбегендей. Ал эми эң үстү жагында өз бийлигин коргоо үчүн “кытай сепилин” куруп жаткандай туюм. Болбосо, тактыга түз эле асмандан келип отуруп калгандан бетер “тыйындын экинчи бетин” да эстесе болот беле деген ой келет. Анчалык азоолонбой. Анткеним, жанагы “эл душмандары” аталып жаткан К.Кадыров менен Б.Асановдор убагында азыркы ажонун бийликке келишине азбы-кєппү салым кошкондордон эле го? Кезинде азыркы бийликке аеосуз каршы чыгып, бүгүн алардын ырын ырдап жүргөндөргө салыштырмалуу. “Ким Бакиев үчүн тост көтөрбөсө аларга өлүм!” деп, азыр Атамбаевдин ден-соолугу үчүн тост көтөрүп жүргөндөргө караганда. Ушул эле К.Кадыров 2009-жылы президенттик шайлоодо бирдиктүү оппозициянын талапкерин колдоп, андагы бийликтин жүргүзгөн ишине каршы Балыкчыда өткөн баш ийбөөчүлүк акциясынын башында тургандардын бири болгон. Анда да так эле бүгүнкүдөй коюлуп жаткан айып менен Бакиевдик бийлик тарабынан далай көргүлүктү көргөн. Бүгүнкү ажобуз Балыкчыдагы ошол сот процессине ал кезде канча жолу барды? Ал жерде камакта жаткан 19 баланы куткарып ала албай далай кыйналбады беле? Аргасы кеткенде “бийлик туура эмес иш жасап жатат” деп кыйкырып да жүрдү. Алмаз Шаршеновичтин башына түшкөн ошол оор учурда ага жөлөк болуп, азыр “президент экөөбүз” деп эбиреп жаткан Т.Сариев ошондо бир басып барды беле? Балыкчыга? Тескерисинче, андагы шайлоодогу бирдиктүү күрөштө оппозицияны чанып, санаалаштарын “оптом сатып кеткен”. Ал эми 2010-жылы түштүктү өрт каптап, ага ого бетер шыкак болгон ашынган регионалисттер Б.Асановду туш-тараптан башын айлантып, канча жолу өздөрүнүн кызыкчылыктарына имергенге аракет кылышты. Бирок, Бектур революциянын жеңишин саткан эмес. Буга миллиондогон теле көрүүчүлєр күбө. Анда да кудум бүгүнкүдөй телефондук сүйлєшүүлөр КТР аркылуу байма-бай көрсөтүлүп турган. Эгер калыстык үчүн айта турган болсок ушундай.
…АКШнын 32-президенти Ф.Рузвельт бийликке келген учурда мамлекеттин экономикасы талкаланып, кыйрап жетээр жерине жетип калган. Баардык масштабда кризис муунтуп, тамырын кенен жайган оор абал түзүлгөн. Банк жана каржы системасы толугу менен сазга баткан. Ири өндүрүштєр биринен бири жабылган. Аталган өлкөнүн ага чейинки жана андан кийинки бир да президенти мындай оор шартта бийлик башына келген эмес. Ошентип, Франклин Рузвельт экономикалык каатчылык эң бийик чегине жетип калганда бийликке келди. Болгондо да индвалиддик коляскага отуруп. Бул адам бийликтин бийик сересине келгенге чейин эле андан 10 жыл мурун 39 жашында айыкпас шал оорусуна чалдыгып, өз алдынча басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Бир жолу Ф.Рузвельт бөлмөсүндө жалгыз отуруп, үнүн баардыгынча кыйкырып, “мен минтип коляскада отурам, мамлекетим болсо сазга батып баратат, деги мен киммин?” деп алдындагы үстөлдү муштуму менен катуу бир коет. Бирок, жашоо менен болгон күрөшүн, эркинин күчтүүлүгүн ушундан көр, шал болуп отуруп, Американын экономикасын балчыктан сууруп чыгат. Ушундай көрөгөчтүгү менен 20-кылымда ааламдагы бирден бир эң күчтүү саясый фигура катары айтылып келет. Өз өлкөсүнүн тарыхында ал мамлекетти өнүгүүнүн жаңы нугуна бурган биринчи президент болгон. Кийин өзү баш тартса да, эли 4 жолу катары менен аны президентикке көрсөтөт, шайлайт. Мындай сый-ургал Американын тарыхында алигиче боло элек. Эмне үчүн минтип мен бул улуу мамлекеттик ишмерди эскерип отурам? Баардыгы аргасыздан. Дале болсо кыргыз мамлекетинин экономикасы өнүгүп-өсүп кете албай өзөрүп отургандан. Учурда бийлик элдин эрки менен эмес, бир адамдын гана эрки менен түзүлүп жаткандыктан. Баягы эле куру убадалар. Кечээ жакында бийликтин эң бийик мунарасында отурган бирөөсү айтып атат: “Кыска аралыкта кыргызстандыктар эли да, мамлекети да таанылгыс өзгөрдү” деп. Андан көп өтпөй акыркы учурда эки сөзүнүн бири эле “президент экөөбүз” деп калган дагы бир “улуу чиновник” сүйлөп жатат: “Кыска мөөнөттө экономикада өтө чоң секирик жасайбыз” деп. Ушундайда тээ илгери-илгери Сервус деген бир акылмандын айткан сөзү мээге кадалат. Ал айтат, “качан элди тойгузаарга эч нерсе калбай калганда бийлик жалаң убадалар менен бага баштайт” деп. Ансыңарындай, “кыска аралыкта кыргызстандыктардын жашоосу таанылгыстай өзгөргөнүн” коом, эл сезет эле го? Бийликке нааразы болгон топтор деле толкубайт эле го? Анан да алты жылдан бери жасалбай жаткан “экономикалык секирик”, эми кыска мөөнөттө жасалаарына деле көпчүлүк ишене албай турат. Тескерисинче, бийликтеги чалмакейлерден улам карапайым элдин жашоосу улам оорлоп, жакырчылык жандарына батып баратпайбы? Же булар аткаминээрлердин кызмат абалынан пайдаланышып өткөрүп жаткан бейкапар жашоолорун айтып жатышабы? Убагында орустун улуу акыны Н.Некрасовдун 19-кылымдагы помещиктердин жыргал жашоосун сүрөттөгөн “кому на Руси жить хорошо?” деген атактуу ырындагыдай. Түгөттүкү! Бийлик деген ушундай таттуу нерсе болот белем? Бирок, азыркы башкаруучулар жогоруда кеп кылып өткөн Ф.Рузвельт сыяктуу “деги мен киммин?” деп үстөлдү бир урганга жарабай жатпайбы. Көпчүлүктүн турмушу арабөк абалда турганын жогоркулардын эч кимиси моюндарына алгысы келбейт. Кезинде далай өлкөлөр кулчулукта жүргөндө бабаларыбыз кең Азияда ат ойноткон эркиндиктин шумкарлары эле го? Башка түрк уулдары менен бирге 4-кылымда килейген Европаны багындырганычы! Түштүк Чыгыш Азияда “Улуу кыргыз каганаты” болгонучу! Канчалаган өлкөлөр жалпы адамзаттын жашоо турмушунда жазылбаган түбөлүктүү мыйзамдары менен жашай албай жатканда кыргыз өзүнүн каада-салты, салт-санаасы менен далайларды суктандырган. Атаңдын гөрү десең! Бүгүнкү журт башкаргандардын башында ошондогудай ар, улуу намыс, акыйкат менен калыстык алдыңкы саптарга чыкса кана? А жөнөкєй эл баарына кайыл болуп түшүнүү жана сабырдуулук менен (радикалдык эмес, консерваторлук багытты кармап) турат. Демек, коомдогу тынчтык бийликтегилердин “жеңиши” эмес, улуу элдин сабырдуулугу. Ошол эл кыйналса да токтоолуктун үлгүсүн көрсөтүүдө. Кєпчүлүгү мүдөөгө жетүүнүн мыйзамдуу бир гана жолу бар экендигин түшүнүп турат. Малекеттин бүтүндүгү менен ойноп, сакаларын сансыз өкчөп жаткандардан айырмаланып.( Ал шайлоо жолу.) Эгерде эле эл башындагылар эл-журтту уруп да койбой таптакыр эле “өтүктөрүн төргө илип албаса. Бирок, өлкөдөгү соңку окуялардан улам бир нерсе айкын болду. Түгөлбай Казаков агайыбыз түтөп айткандай: “Азыр бизге мансап үчүн Кыргызстандын келечегин садага чаба тургандар эмес, эл-жердин келечеги үчүн мансабын садага чаба турган азаматтар керек! Кыргыз эли кыраакы эл, баарын байкап турат. Элдин, мекендин укук-кадырын баарынан өйдө койгондор гана колдоо таба турган мезгил келди”…
Кенжебек Арыкбаев
Булак: “АЗИЯnews”      

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: