Коронавируска каршы массалык эмдөө 2021-жылдын ортосунда башталат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысынын орун басары Сумия Сваминатан билдирди.
Анын айтымы боюнча, учурда 20дан ашуун вакцина клиникалык сыноолордон өтүп жатышат жана алардын айрымдары вируска каршы туруштук берет деген үмүт бар. Анын жыйынтыктары 2021-жылдын башында алынышы мүмкүн.
Ал ошондой эле, жаңы вируска каршы пайда болгон антитела кандан бир нече жумадан кийин жок болот деген факт иммунитет жок экенин далилдебей турганын, COVID-19га каршы клеткалык иммунитетинин механизми азырынча толугу менен изилдене электигин кошумчалады.
ДСУнун маалыматы боюнча, биринчи кезекте, эмдөөдөн пандемияга каршы күрөштүн алдыңкы орунда тургандар, ошондой эле улгайган адамдар жана гипертония, деменция жана диабет сыяктуу оорулар менен жабыркагандар биринчи кезекте өтүшү керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ