Menu

Искендер Гаипкулов элүү жылдык тоюна беш жүз бөдөнө сойду

Бөлүшүү:

2010-жылдан бери мамлекеттик кызматтан четтеп, жеке ишкерчилик менен алектенип, “Каганат” аттуу фонд түптөп, кайрымдуулук менен алектенип келе жаткан Искендер Гаипкулов Орусиянын регионалдык өнүгүү институтунун Борбор Азия боюнча филиалын да жетектеп келет.
30 жылдай өмүрүн мамлекеттик кызматтарды аркалап, артынан жаман сөз ээрчитпей, милдетин так, таза аткарып, кесипкөйлүгү менен эл оозуна алынган Искендер Гаипкулов агабыз да билинбей отуруп эле элүү жашка толуп, эл-журттан бата алып, “Алтын казына” ресторанында той өткөздү.
“Мүчөлүү жаштан аман-эсен өттү, өпкө-жүрөгүмдү чабайын” деп, ырым кыла жетине албаган Апал эже (байбичеси) элүү столго элүү өпкө чапты. Бала-бакыра, небере-чөбөрөлөрү менен жабыла 50 койдун өпкөсүнө сары май, сүт, каймак куюп, кыргыздын улуттук тамагы олобону өз колдору менен жасап, 500 бөдөнө, 3 жылкы сойдуртуп, “Ала Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык тартты” дегендей эле той өткөзүлдү. 500дөй конок батасын берип, “барган да арманда, барбаган да, жеген да арманда, жебеген да арманда” деп, кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна сөз кетти.
Ошол тойдун антрактында акыркы кездерде актуалдуу темага айланган аш-тойдогу ысырапкорчулук тууралуу да сөз болду. Айрыкча, мамлекеттик кызматта иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кол астындагылардан көмүскө пара жыйнагансып, той бергени элдин катуу сынына кабылып жатат. Ошондуктан, тыя турган болсо, ушу мамкызматтардагыларды тыйыш керек. “Той берсең жумуштан айдаласың” деген мыйзам кабыл алуу керектиги айтылды. Бирок, “ишкерлерди, байларды тыябыз” деген такыр туура эмес. Байлар тэ-ээ алмустактан бери жакшылык, ийгиликтерге жеткенде кубанычын бөлүшүп, байлыгын чачып, элден бата алып келген. “Болсо, ашып-ташып жатса бере берсин да. Сууга ыргыткан жери жок, элге берип жатпайбы” дешти.  Бул бүт элдерде ушундай. Мына жакында эле Сауд королу ордун майлап, 30 миллиарддан ашык долларын элине таратты го. “Албетте, куру намыска алдырып, карызга той берип, итке минген туура эмес, аларды “кой” деш керек, мамчиновниктерди тыйыш керек” деген пикирлер басымдуу болуп, той таркады.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
Булак: “АЗИЯnews

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: