Menu

Элдар Айтматов менен Сабира Айтматова кызына Карима деген ысымды ыйгарышты

Бөлүшүү:

26-июнда Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов жана анын жубайы Сабира кыздуу болушкан. Буга чейин аталган үй-бүлө социалдык тармак аркылуу кыздуу болорун айтып, коомчулуктан ымыркайына ысым тандашууга жардам сурашкан.

Түгөйлөр кызына ысым тандоодо жардам берген адамдарга ыраазычылыгын билдирип, кызына кандай ысымды тандап  алышкандыгын билдиришти.

“Айтматова Карима Эльдаровна. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин жана апабыз Мария Урматовнанын макулдугу менен биз кызыбызга Карима деп ысым ыйгардык. Биз Алтынай, Айша, Аминат жана Карима деген сунушталган ысымдардын арасынан тандадык”, – деп жазган Чыңгыз Айтматовдун келини Сабира Айтматова.


Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: