Menu

Арашандын алма багында… “Мен СДПКнын талапкери катары аламанга аттансам, шеф колдосо, президент болом” дегендер

Бөлүшүү:

2017-жылдын соңку айларында Алмаз Атамбаев президенттик кызматын тапшырып берет. Шайлоо аркылуу жаңы президент шайланышы керек. Азыр болсо, А.Шаршеновичке жакын жүргөн аткаминерлер жагалдануу менен өздөрүн көрсөтүп калуу жагына ык коюшту. “Мен СДПКнын талапкери катары аламанга аттансам, шеф колдосо, президент болом” дегендер тымызын оюн кылышууда. Кылтыйып алышып. Бирок, мамлекет башкара турган адам саясатта такшалган, таза, көпчүлүк элдин колдоосуна татыган артыкчылыктары болушу зарыл. Президент деле ойлонот да, таразалайт, татыктууну тандаса керек. СДПКнын талапкери катары шайлоого алып чыгуу үчүн…

Таңгаласың. Алты жылдан бери коррупционерлерге, ар кандай чекте мыйзам бузгандарга кылмыш иштери козголуп, жазаларын алышууда. Азыр дагы андай процесстер күчүндө. Бир жагынан оппозиция менен бийликтин тиреши күчөдү. Эки тарап маалыматтык согуш аркылуу күрөш жүргүзүүдө. Көпчүлүк бакылдагандар өздөрүнүн күнөөлөрүн сезбей, бүгүнкү системаны согуп, президент Алмаз Атамбаевге кек сакташууда. О.э. азырынча унчукпай жатып, кийин душман катары чыга турган бузукулар дагы абдан көп. Негизи саясый элита ирип-чирип кеткенин көрүп эле жүрбөйбүзбү…

2017-жылдан кийин кандай бийлик келе турганы азырынча белгисиз. А.Атамбаев кызматын өткөрүп коюп, Арашанда жашап калса, кокодон ашкан душмандары кордук көрсөтпөйбү? Албетте, бул суроо. Ошол кезди элестеткиле, бүгүнкү толгон кошоматчылардын бири жок, Акаев-Бакиевден калган “попутчиктер” башка поездге жармашып, кете беришет да. А баягы эле эски достор Иса Өмүркулов, Туйгунаалы Абдраимов, Сооронбай Жээнбеков өңдүү чакан эле тилектештер жана Болот Сүйүнбаев, Икрам Илмиянов, Улан Исраилов сыяктуу шумкарлар калат го. Арашандын алма багына чогулушуп, дарылык үчүн кара улакты союп жешип, кызыл чай иче жамбаштай жатышса, өткөн-кеткен күндөрдү эстешип… Куушуп-сүрүшпөгөн мындай келечек болсо, жакшы анда, “Кудайга шүгүр” деш керек!

(Анүчүн келечекке туура анализ берип, тазалыкты сактоо менен мезгилдин күрөө тамырын кармагандай көрөгөчтүк саясат керек. Азыр ошондой болуп атабы?..)

Бекчоро Элебесов

Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: