Menu

Алкым азабынан ээрден шыпырылган башбакандар: миллиондорду чапчыган аргымак, миллиарддарды кымырткан дирекция, бүтпөгөн жол…

Бөлүшүү:

Апрель революциясынын башкы жеңиштеринин бири катары – өкмөттүн табигый түрдө алмашуусун айтсак жарашат. Мурда премьер-министрдин же башка жооптуу кызматкердин жеп-ичкени ачыкка чыкпай, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келсе”, азыркы системада коомчулукка баардыгы алаканга салгандай көрүнүп калды. Буга акыркы төрт жылда эки премьердин жана учурдагы өкмөт башчысы Темир Сариевдин коррупцияга шектелип ээрден шыпырылуу алдында турганы тирүү мисал.

Өзүн көкөлөтө мактатып, ММК төрүнөн түшпөгөн Өмүрбек Бабанов кокусунан өкмөттүн “туруна” конгон эле. Жарытып иш кылгандын ордуна пиар менен алектенип, ошол эле маалда капчыгын кампайтканды унутта калтырбаптыр. “Кызыл өңгөч кекиртек, кыйла жерге секиртет” демекчи, Токтогул атанын уулу баштан ашкан байлыгы турса да алкымын тыя албады. Анын кесепетин тартты. Парламенттеги “Ата мекен” фракциясы аны куну 1,4 млн. долларды чапчыган аргымакты парага алган деп айыптап, ээрден оодарып түштү.

Бабановдун жылуу ордун ээлеген Жантөрө Сатыбалдиев алгач жакшы эле иштеп аткансыган. Бирок, анын башбакандык доораны бир жылдан араң ашты. Жантөрө Жолдошевичтин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы ишмердүүлүгүндөгү алешемдиктер четинен чуурулуп чыгып, жыйынтыгында ал отставка берүүгө аргасыз болду. Андан кийинки премьер Жоомарт Оторбаев жылдык отчетин кабыл алдырганына ыраазы болуп өз каалоосу менен ордун бошотуп бергенине жамы журт күбө.

Айрым маалымат каражаттары учурдагы башбакан Темир Сариев Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Корумду жолун куруудагы тендер чырынан улам “пошел” болоорун жар салды. Депутаттык комиссия тендер мыйзамды одоно бузуулар менен өткөнүн жарыяласа, транспорт министри Аргынбек Малабаев бул иште премьер-министрдин жеке кызыкчылыгы болгонун билдирди. Кандай болгон күндө да, бул чыр тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек.

Ушул көрүнүш парламенттик башкаруу өзүн өзү актап, туура жолго түшкөнүн айгинелейт. Мурдагы режим тушунда мындайды элестетүү таптакыр мүмкүн эмес эле. Ушул жолубуздан тайбайлы!

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: