Бажы кызматында иштеген Нурбек Айбашов деген эрен бар экен. Алмазбек Атамбаевдин жандай көргөн сүймөнчүгү Болот Суйунбаевди уулуна өкүл ата коюп алып, асманга чыйт тукуруп жаткан чагы. Бул жигит Бакиевдин тушунда дагы Бажы кызматынын майлуу жеринде отурган экен. Азыр дагы майпаңдап кара кесек эт эмес май чайнайт экен. Айланасындагылар «көпкөндө да ушул Айбашев көптү. Эми көпкөнү качан көчүгүнөн чыгаар экен» дешти. Эч кимди теңине албай, эки сөзүнүн бири эле «мен бийлик менен бешмин» экен. Эми беш болсо беш болгондур, жок дегенде ошол Атамбаевди жаманатты кылбай мамлекет үчүн иштеп койсо ашыкча болбос эле да…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ