Биздин элита, эл өкүлү, дегеле саясатчы дегендерде бет деген эме калбай деле калды. Эки жакты карап туруп сүйлөө деген этика буларда топтоголок эле нөл. «Бир Бол» деген партиянын катарына кирип алып парламенттин астанасын аттаган айтылуу Чудинов деген «таяке» тантырады, эй! Уялбай туруп, «Биздин «Бир Бол» партиябызда олигарх дегендер таптакыр жок» – деп боорду эзди. Куудул эле болуп алса жакшы болмок экен. Турган жеринде шыпыртат турбайбы. Бир Лунара Мамытова деген «сулуушканы» кошпогондо так ушул партиянын четинен санагандары олигарх экенин танабы? Бирок, Чудин аксакалдын небереси танат тура. Алып карайлы, Игорь жомокчунун оюнча Аскар Шадиев, Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев, Бакирдин Субанбеков, Алмасбек Акматов дегендер карапайым, чор таман, кембагалдарбы? Кичине кудайды карасаңыз боло, Игорь мырза? Мынчалык «дөөпөрөстөнө» бергениңизди Иисус Христосуңуз да кечире албаса керек. Деги сиздин «чудолоруңуздун» аягы барбы? Же эриккенде ушинтип элирип кетмей ооруга кабылгансызбы?
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ