– Азыркы саясатта баа бериш кыйындыр, бирок, премьер-министр ким болбосун өйдөдөн түшкөн тапшырманы так аткарган «кол бала» десек да болот. Сариевдин саясий эрки жок, алсыздыгынын бир далили, 2010-жылдан бери Кумтөр маселесин коомчулук, парламент талбай көтөрүп, Сариев экономика министри болуп турганда, Центерраны текшерүү боюнча комиссияны жетектеп, ал комиссиянын жыйынтыгында Центерра экологияга 5 млрд доллар зыян келтирген деген жыйынтыкка кол коюп, бирок, премьер катары ошону ишке ашырганга эрки жетпеди. Эгер Кумтөрдү мыйзам чегинде эл тарапка чечип берсе, аны премьерликтен эч ким ала алмак эмес. Тилекке каршы, пендечилик кылды – дейт экс-депутат Эркин Алымбеков.
Булак: “Де факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ