Айтикеев А.: –Учурунда Сиздин айланаңызда кызмат кылып, бүгүн Атамбаевди айга-күнгө теңеп кызмат кылып жаткан саясатчылардын аттарын атай аласызбы? Булардын арасынан өтө катуу саткынчылыкка баргандар кимдер?
Бакиев Ж.С.: -Убагында биздин айланабызда айланып-тегеренип, бизге эч кимди жолотпой жүргөндөр бүгүн Атамбаевди тегеректеп жүрүшөт. Мындайлар көп. Чынын айканда мен алардын аттарын атагым келген эмес. Бирок айтпай койгонго болбой турган адамдардын категориясы бар. Алардын бири Токон Мамытов. Ал убагында Акаевди сатып, 2004-жылы оппозициянын штабына маалымат ташып жүргөн. Ал (Мамытов) абдан ийкемдүү адам. Биз генералдар бир жылда эки-үч жолу чогулуп турчубуз. Мына ошол жерде Курманбек Бакиевди айга-күнгө теңеп, аны “Элдердин жол башчысы” деп аябай мактачу. Бирок эң биринчилерден болуп Бакиевди саткандардын көч башы ушул киши. Жөн гана сатпай, жамандап да жүрдү.
Булак: “Искра плюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ