Жалал-Абадда медициналык коллеждин жооптуу кызматкерлери коррупциялык иштерге аралашканы аныкталды. Буу тууралуу аталган облустун ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда Жалал-Абад ИИБнин Бешинчи бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, медициналык коллеждин жооптуу кызматкерлери тарабынан 2015-жыл ичинде студенттерден камкордук фондко деп чогулган акча каражатынан, жасалма актынын негизинде 351 720 сом мыйзамсыз түрдө өздөрүнө ыйгарылганы аныкталган.
Аталган факт боюнча КЖКнын ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, жасалма документ боюнча 171 жана 350-беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ