Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, социалдык коргоо жана колдоо боюнча президенттик фонддон «Түкүрбө! Не плевать!» акциясына финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 50 000 сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы ушундай жарандык демилгелер менен кыргызстандыктардын аң-сезиминде сапаттык өсүүлөр болуп жатканын белгилеп, өз өлкөсүн, шаарын жана айылын ардактап сүйүү коомдо уламдан улам маанилүү күчкө айланып баратат деп эсептейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ