Menu

Экс-Акыйкатчы Турсунбек Акундун укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралу билдирүүсү

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун зордук зомбулукка каршы комитетинин укук коргоочу  Азимжан Аскаровго байланыштуу чечими тууралуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун билдирүүсү:
Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу «киши өлтүрүүгө катыштыгы бар» деген күнөө менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Кыргыз  Республикасынын Жогорку соту Аскаровго байланыштуу бул чечимди колдогон эле.
Эми Бириккен Улуттар Уюмунун тийиштүү комитети Аскаровго байланыштуу чечим кабыл алып, Кыргызстандан анын бошотулушун талап кылууда. Бул жагдай өклөбүздү Эл аралык коомчулуктун алдында чоң сыноого кептелтип койду.
Мен ал кездеги өлкөнүн акыйкатчысы катары бул ишти тыкыр көзөмөлгө алып, атайын коомдук иликтөө да жүргүздүргөн элем. Мына ушундай изилдөөнүн негизинде Азимжан  Аскаровдун  милиционерди өлтүрүүгө катышкан эместиги тууралуу маалымат алганбыз. Кылмыш болгон жерден ал бир жарым км алыстыкта болгон. Бирок бул оор кылмыштын болгонун билип туруп, ал укук короочу катары эч кандай аракеттерди көргөн эмес.
Ал укук коргоочу катары киши өлтүргөн кылмышкерлерди алардын улутуна, жынысына карабастан айыптап, бетин ачып чыгышы керек эле. Бирок, тилекке каршы ал өзүнүн чыныгы укук коргоочулук ишин аткарган эмес.
Азимжан Аскаров өз улуту болгон өзбектердин гана укугун коргогон улутчул укук коргоочу болгон. Мындан тышкары анын укук коргоо органдары тарабынан зордук-зомбулукка учурагандыгы тууралуу маалыматтар дагы талашты жаратат. Биздин мониторингдин негизинде бул ишти өзүн «Укук коргоочумун» дегендер чет элден алып жаткан гранты актоо максатында бир жактуу маалымат берип, коомчулукка аны «урду» деген толук далилденбеген  маалыматты таратып салууга жетишкен.
Бирок, чындык үчүн айтсак Азимжан Аскаровдун үстүнөн болгон сот процесси бир жактуу жүрүп, тиешелүү далилдер изилденбестен, аны киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деп туура эмес соттоп жиберишкен. Буга анын улутунун өзбек болгондугу да соттун жүрүшүндө өз таасирин тийгизген.
Канча кайрылганыбызга карабастан ошол кездеги президент Роза Отунбаева да, азыркы президент Алмазбек Атамбаев да каза болгон орган кызматкеринин туугандарынын жана жердештеринин сүрүнөн коркуп, Аскаров тууралуу чечкиндүү кадамдарга бара алышкан эмес. Бул биздин президенттердин принципиалдуу позицияда эместигинен кабар берет.
Укук коргоочулар да бир жактуулукка барып Азимжан Аскаровду  Кыргыз мамлекети үчүн күйгөн улуттук жана Эл аралык деңгээлдеги укук коргоочу катары туура эмес маалыматтарды Эл аралык коомчулукка берип жатып,  ага дүйнөлүк сыйлыкты алып берүүгө жетишти. Негизи ал мындай сыйлыкка эч кандай татыктуу эмес эле.
Кыргыз мамлекетинин жетекчилери дагы одоно катага жол беришип, бир Аскаровдун  сыйлыгына өчөшүп Америка менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилени токтотууга барышты.
Кыргыз Республикасынын мындай алешем кадамына өчөшкөн дуйнөлүк коомчулук Азимжан Аскаров тууралуу ушундай саясий чечимди чыгарып салды. БУУ мындай чечимин чыгарышынын дагы бир себеби болуп Аскаров тууралуу биздин укук коргоочулардын берген бир жактуу, далилденбеген маалыматы да себепчи болду деп эсептейм.
Эми Кыргызстан  Бириккен Улуттар Уюмунун бул чечимин сөзсүз аткарышы зарыл. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту БУУнун чечимин жаңы ачылган жагдай катары эсептеп, Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан токтоосуз караш керек. Болбосо биз БУУнун чечимин аткарбаган болуп саналабыз.
Ар бир мамлекет өзүнүн кетирген катачылыгын кеч болсо да оңдоп, мындай одоно мыйзам бузууларга барбашы керек.
Ал эми Аскаров тууралуу Эл аралык коомчулукка Кыргызстанды жамандап өз максатына жеткен укук коргоочу сөрөйлөр да абийирине келип, грант үчүн өз өлкөсүн садага чапкандан алыс болуусу керек.
Турсунбек Акун КР экс-омбудсмени

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: