Menu

Сузактагы жер көчкү коркунуч жаратууда

Бөлүшүү:

Сузак районунда 23-апрелден 24-апрелге караган түнү Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат участкасында болжол менен көлөмү 1 млн.200 миң м3 жер көчкү жүргөн. Жер көчкүдөн жайыт жериндеги 1 чабандын үйү жана 1 сарай жабыр тарткан жана 2 чабандын үйүнө кооптуу абал түзүлгөн. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-апрелинде ӨКМнын өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жана айыл аймактын башчысына жер көчкүнүн кооптуулугу тууралуу корутунду берилип, аталган аймакка жарандарды жана мал-жандыктарды чыгарбоо боюнча эскертилген.

Азыркы убакта жер көчкүнүн жылуусу активдүү, көчкү Алмалуу суусуна жетип, суунун нугун бираз тосуп калган. Алмалуу суусу секундасына 10 литр агат, жер көчкү мындан ары дагы жылса, Алмалуу суусу толук тосулуп калуу коркунучу бар. Эгер Алмалуу суусу тосулса, 8 чакырым төмөн жакта жайгашкан 73 кожолугу бар Алмалуу-Булак айылына коркунуч жаратат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: