Menu

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер,: “Талгарбековдун ламбадасы…”

Бөлүшүү:

– Чукул арада жаңы өкмөт башчы, жаңы спикер шайланды. Мурда жумалап, “үч күн, беш күн бар, 15 күндүн ичинде бүтпөсө кайра башынан” дешип эле кыжы-кужу болуп атышчу эле, бу сапар чагылгандай тездик менен эле орду-ордуна келип калып жатат…

– Бул эми, биринчиден азыр “жаз жарыш”, убакытты созуп отураар убакыт эмес. Экинчиден, ооба, азыр ошондой тездик менен уюштуруу маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгү бар борбор бар! Азыр ошондой көзөмөлдөөчү, консалидацияга алып келүүчү ролду президенттик институт аткарып жатат. Бул жакшы, эгер ошол башкы күч элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана алпурушса. А эгерде, улуттук кызыкчылыктар четте калып, жеке кызыкчылыктар алдыга чыгып кете баштаса анда чатак. Тилеке каршы, бизде ушуга байланыштуу катачылыктар көп кетирилгендиктен, эл ичинде нааразычылыктар чыгып атпайбы. Андыктан, жакшылыктан үмүт үзбөй, жакшыга жоруп, ниет кылалы, анан көрө жатабыз да.

– Жаңы өкмөт башчы, жаңы төрага тууралуу эки ооз кеп. Кандай адамдар келди деп ойлойсуз?

– Бул эки мырзанын отурган орундары эле алар үчүн жаңы дебесек, Сооронбай Жээнбеков деле Чыныбай Турсунбеков деле жаңы адамдар эмес. Өзүбүздүн арабызда эле жүргөн, эски тааныштар. Эң негизгиси, экөө тең 60ка таяп, токтолгон, жулуңдап, жутунуп, сугалактанбаган, элге-журтка таанымал адамдар. Жаштарга окшоп, кызуу-кандуулукка алдырып, катачылык кетирбейт, казынага колун салып, уурулук кылбасына ишеним артса болот. Ал эми, берки, Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев азыр жаш, алардыкы алдыда кем дегенде дагы 20 жылдык саясатта жүрүүгө убактылары бар. Албетте, түз жүрүшсө.

– Аныңыз туура. Коомчулук деле эки жаңы жетекчи тууралуу “топуктуу, токтоо, ишенимдүү” деп жатышат. Бирок, эл “жоош, кашаң” дешип, азыркы заманда ыкчам, чапчаң адамдар керек экендигин, антпесе өнүгүү болбой тургандыгын да айтышууда. Буга кандай дейсиз?

– Албетте, коом алдыга карай жылып, көзгө көрүнүктүү секирик жасашы үчүн кескин чаралар, алгылыктуу реформалар жүргүзүлүшү керек. Анан да өзүң айткандай жаш, ыкчам кадрлар керек. Бирок, ошого кошумча, коомчулук козголуп, ошол реформаларды колдоого алып, жалпы эл аракеттенип, эмгектенсе, ошондо жыйынтык болот. Антпесек, бир жаш атты чегип алып, баарыбыз арабага минип алсак кандай болот? Ат жинигет да. Ошондуктан, бир адамга ишенип отуруп албай жалпылап иштешибиз керек. Анан, чапчаң жаштарды деле коюп көрбөдүкпү, алар токтоно албай, азгырылып бармагын жалабай, чыканагына чейин малып ийип жатышпайбы. Анүстүнө, бул экөөнү деле картаң дегенге ооз барбайт, эр ортону элүү жаштан жаңы өтүп, алтымышты таяп турушат. Президент 60, премьер 58, спикер 56 жашта экен. Негизи экөө тең кой маарек! “Жайла-аап өнүгүп калабыз” эле дегенибиз болбосо, “казынабызга кол салышпайт” деп ишенсек болот.

– Парламенттик оппозиция тууралуу бир-эки ооз айтсаңыз. Парламенттеги оппозициялык  “Республика – Ата Журт”, “Бир Бол” фракциалары спикерликке талапкер алып чыга алышкан жок. Принцип үчүн болсо да, каршы добуш бергендин ордуна башкаруучу коалициянын чачпагын ала жүгүрүп жүрүшкөнүнө кандай баа бересиз?

– Бааны өзүң берип койдуң. Бул эки фракцияга негизинен мыйзамсыз жолдор менен байыган, арты таза эмес адамдар жыйналган. Алар кара жанын, бизнесин коргоо үчүн мандатка умтулушкан. “Камалып кетпесем экен” деп калтылдап турушса, кайдагы оппозиция? Булардан “толк” чыкпайт. Бийлик алсыраса кутуруп, башка чыгышат, колдон келсе казынага кол салышат. Болду, ошол. Булардан элге эч жакшылык жок. Элдин шору да. Бирок, буларды да биз өзүбүз шайладык, ошондуктан, бизге да убал жок!

– Эми көчө оппозициясы тууралуу. Жаз алды менен биринчи баштаган оппозициячылдар Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбеков камалып, Дастан Сарыгулов үй камагына алынып токтошконсуду эле, эми артынан “Элдик парламент” деген уюм дүңкүлдөп чыгып, тез эле четинен бириндей баштаганы байкалууда. Эмне себептен салмактуу, эл ишенимине арзыган оппозиция түзүлбөй жатабы?

– Бул тууралуу мен бир нече ирет айткам. Негизинен, бул элдин саясатчыларга болгон ишенимдин кеткендигинен болуп жатат. Эки жолу элибиз оппозицияны колдоп, элдик көтөрүлүшкө чыгып, ишеними акталбай калгандан кийин шаабайы сууп калды окшойт. Анүстүнө салмактуу, ишенимдүү программа түзүп, талбай эмгектенип, ошол оюн калктын калың катмарына жеткизип иштеген колориттүү саясый күч жок. Баары эле чудо күтүп, кучка-кучка болуп, ич ара ызырынып жүргөндөн башка иш кылышпаса кайдагы оппозиция? Эл менен байланыш жок. Эл менен байланышып, чоо-жайды түшүндүрүшпөгөн өзүлөрүнүн күнөөсүн сезишпей, кайра элге жинденип отурушат, “эмне булар бизге окшоп, бийликти жек көрүшпөйт, бизди колдошпойт!” дешип. Иштеш керек да, эл менен. Мына мен 25 жылдай жалаң оппозициачылдар менен жүрдүм. Алар, тынымсыз жолугушууларды, жыйындарды, курултайларды, митингдерди өткөрүп, эл менен жолугушуп, медиа пландарды түзүп, тиражировать этип катуу иштечүбүз күнү-түнү.

Кубан Кадыров көлдүк иним да, ага да Бектур Асановго да беш-алты ирет, жакшы эле акыл, кеңешимди айткам. “Мындай иштебегиле, стиль, лексиконду өзгөрткүлө” деп. Эмне болду эми? Сөздөрүнөн жаңылып, колго түшүп беришти. Бирок эчтеке эмес. “Жакшы ат кермеде, жакшы киши түрмөдө” дейт кыргыз. Булардыкы эми кылмыш деле эмес. Коом тынчтанып, саясый иш-чаралар бир жаңсыл болгондон кийин чыгышат. Каторгага айдалган жок да. Сабак болот!

– “Элдик парламент” тууралуу айтпай кеттиңиз. Абдыганы Эркебаев, Кубанычбек Жумалиев ж.б чыгып кеткени айтылууда. Түзүлө элек жатып таркап жатканы кандай?

– Эми “Элдик парламент” деп атпайбы. Элдик болуп атса, элдин баары ошол жакта болуш керек да, туурабы? Анан ошол, “ЭЛДИК” десек, элдин баары кирип алса көп болобуз” деген ой болушу да толук мүмкүн да. Анан Абдыганы аке деле “элдин баары чогулуп атат” деп барып, “маданияттуу түрдө вальс бийлейм го” деп турса, Талгарбеков капысынан ЛАМБАДАнын музыкасын кое салса, кантип бийлейт? Сакалдуу кишиге кругка тура калып, бирөөнүн артына тыкыр жабыша куйругун булгактатуу оңойбу? Этикалык жагын айтпаганда деле жашап калган кишиге муундар деле жол бербейт да (тамаша). Ал эми Кубанычбек Жумалиев көчүгү чыдабай чыга качканы айтылууда. Ал, анан дагы бир-экөө “мына, биз Талгарбековду таштай качтык” деп кылмыш иштерин жаптырып алганы айтылууда. Ачыгын айтканда, “Элдик парламенттин” атынан жарык көргөн ыксыз катуу билдирүүлөрдү чыгаруу — мүчөлөр менен макулдашылбай тар чөйрө тарабынан жарыяланып кеткен, ошон үчүн нааразы болгондор четинен кетүүдө.  Негизи Бекболот Талгарбеков өзү таза, принципиалдуу, туруктуу адам. Акаевдин командасынан артынан сатпаган жалгыз ушу киши болсо керек. Коркок билиши жок болгондуктан, дүүлүктүргөндөргө ишенип алып, катуу кетип жатат. Негизги катачылыгы тизмектегендеринин баарын өзүндөй көрүп, ишенип алгандыгында. Алардын арты пок, жүрөктөрү жок экенин эсепке албай…

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: