Menu

Садыр Жапаров, экс-депутат: “Атамбаев бийликке келгенден кийин Кыргызстан 10 жылга артка кетти”

Бөлүшүү:

– Садыр Нургожоевич, Чыныбай Турсунбеков: «Партиялашыбыз Сооронбай Жээнбековду премьерликке жылдырдык. Баардыгы колдоп берди. Биз, коалициялык кѳпчүлүктүн ынтымагы деп жатабыз. Анан кийин, ѳзүмчүлдүк кылып спикерликти дагы биз алабыз десек – бул туура эмес болуп калат!» деп алып өзү спикер болуп алганына кандай пикирдесиз?

-Эр жигит бир сүйлөш керек эле. Кыргызда “Сөз ооздон чыкканча сенин кулуң, сөз ооздон чыгып кеткенден кийин сен сөздүн кулусуң” деп коюшат. Ошондуктан, өз оозу менен айтып алгандан кийин жигиттик кылып спикерликке барбаш керек эле. Балким Чыныбай Турсунбеков “Төрөбаев менен Исаевге мүмкүнчүлүк бердик, экөө келише алышпады, ошон үчүн экинчи жолкусунда өзүм чыктым” деген шылтоо айтышы мүмкүн. Эки жаш баланы мышык чычкан ойнотуп жатышкандары башынан эле баарыбызга белгилүү болгон…

-Бийликтин баардык жогорку бутагында СДПКчылар отурганын Атамбаев Акаев-Бакиевдин жолун жолдоп баратат десек болобу?

-Албетте болот. Парламенттик башкаруу деген шылтоо менен өз партиясын жасалма, мамлекеттик кызматкерлерди “СДПКга иштейсиңер!” деген кыйноо жолу менен өткөрүп келип алып, эми бийликтин баардык бутактарын ээлеп алды. Эгер, бийлик бутактарына компетенттүү, ар бир тармакка билими, иш тажрыйбасы туура келе турган кадрларды койсо, мейли дейт элек го. Өзүңүздөр көрүп жатпайсыздарбы. Көчөдөн кармап келип эле жакындарын коюп алып жатат. Ошон үчүн мамлекетибиз мурдагылардан он жылга артка кетти. Атамбаев жок дегенде жаркын келечек үчүн деп курман болгон жигиттердин арбагын сыйлап койсо болмок. Алты жылдан бери Атамбаев Акаев менен Бакиевди күнөөлөп келди. Эми баардык бийлик жеке колуна тийди. Мындан ары кандай өнүгүп кетет экенбиз, байкап туралы.

-Атамбаев президент болуп келгенден бери беш жылда беш өкмөт башчы алмашты. Бул Атамбаевдин туруксуздугунан кабар береби же элди алаксытуу ыкмасыбы?

-Сариев эмнесинен жакпай калды, билбейм. Бабанов, Сатыбалдиев, Оторбаевдердин кетишине жарым-жартылай болсо да Кумтөрдун тиешеси бар. Тереңдеп кирбей эле коеюн, кийинчерээк бул сырлар да ачылат.

-Сталин “Кадрлар баарын чечет” деп айткан. Кыргызстандын тагдырын, шоопур, жансакчы, каралар чечип калганда өлкөнүн жаркын келечегинен үмүт кылсак болобу? Атамбаевдин кадр саясатчы боюнча оюңузду билсек?

-Албетте, эки деген баа бермекмин. Өз жакындарын кое берип, азыр мамлекеттик кызматтарда дээрлик 90 пайыз кесиби туура келбеген кызматкерлер иштеп жатышат. Четинен мисал катары таап берсек болот. Мисалы, бир кызматкердин кесиби айыл чарбачы болсо, ал каржы министрлигинде экономист же финансист болуп иштейт. Бир кызматкердин кесиби врач болсо, ал бажы кызматында иштейт. Дагы бир кызматкердин кесиби учкуч болсо, ал тоо кен тармагында инженер болуп жүрөт. Ушуга окшогон мисалдар жүздөп саналат. Ошон үчүн өнүгө албай жатабыз. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, качан гана ар бир кесип ээси өз кесиби менен иштегенде гана дүркүрөп өсүп-өнүгүп кетмекпиз. Кандай жана кимдин заманы келбесин сөзсүз ушул принципти ишке ашырыш керек эле. Атамбаев өз жакындарын жанталашып башчы кылып кое бербей, ушул принципти карманса өзүнө да, мамлекетке да жеңил болмок.

-Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууган иниси баңги зат менен кармалганын Казакстандын чек арасынан тастыкташты. Буга эч кандай реакция кылышпаганын бир тууган бир тууган үчүн жооп бербейт деп түшүнсөк болобу?

-Чындыгында мыйзам боюнча бир тууган бир тууган үчүн жооп бербейт. Бирок, моралдык жагы бар да. Ошол эле иниси эжемди уят кылбайын, түз жүрөйүн деп ойлонуш керек эле да. Башкы прокурор болоору менен Индира айым да бир туугандарын чогултуп алып, “Туугандар, мен эми үлкөн кызматка олтурдум, жаман иш жасап мени уят кыла көрбөгүлө” деш керек эле деп ойлойм.

-6-чакырылышта депутаттардын мандатын чыркыраткан боюнча оңой эле тартып алып жатышат. Депутаттар өздөрүнүн укугун коргой алышпаса, элдин укугу кантип корголот?

-Алтынчы эле эмес, бешинчи чакырылышта деле айрым депутаттардын мандатын тартып алышпадыбы. Бул деген партиялык башкаруу кыргыз эли үчүн таптакыр туура келбейт деген сөз. Мурда бир эле президент диктатор болсо, азыр эми канча партия өтсө ошончо диктаторго көбөйдү. Фракция башчылары президент менен сүйлөшүп алышкан болсо парламенттеги “Мен кыйынмын” деген депутаттын мандатын беш мүнөттө алып коет. Ошон үчүн азыр парламентте оппозициячыл депутат жок. Депутат эмес “Республика-Ата-Журт” деген килейген фракция оппозиция боло албай олтурат. Оппозиция болмок түгүл биринчилерден болуп “Чыныбайды спикерликке биз жылдырабыз, биз колдойбуз” деп чыгышпадыбы. Анан кантип депутаттар өз укуктарын коргой алат. Ишенимдүү түрдө айта алам. Коргой алышпайт. Карапайым калк жөнүндө айтпай эле коеюн. Ошондуктан төрт жылдан бери башкаруу системасын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштегендей кылып түп тамырынан бери өзгөртөлү деп сунуш кылып келе жатам. Бирок, бул өзгөрүү биздин ичкич-жегич башчыларыбызга жакпай жатат.

-Алдыдагы президенттик шайлоого катышам деген оюңуз дагы деле күчүндөбү? Өлкөгө качан келесиз?

-Ооба. Кудай аман койсо сөзсүз катышам. Эки жылдан бери чооң бир иштин үстүндө иштеп жүрөм. Жалпы элдин кызыкчылыгындагы иш. Кудай буюрса ушул иш бүтөөрү менен Кыргызстанга учам.

Булак: Маалымат.KG

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: