Ири суммадагы акчасын уурдаткан жаран видеобайкоого тартылып калган шектүүнү табууга жардам сурайт. Анын айтымында, окуя 2017-жылдын 24-апрелине караган түнү саат 02:15 чамасында Бишкектин «Орто-Сай» базарындагы кафелердин биринде болгон. Видеодо байкалгандай, белгисиз бала кирип келип, бөлмөнү тинткени, столдун тартмаларын колундагы чоң бычак менен талкалап ачканы көрүнүп турат. Колуна бир тутам акчаны алып чөнтөгүнө салып чыгууга шашканы жана аягында видеобайкоо камерасын көрүп калып, аны бузууга аракеттерди жасаганы даана көрүнгөн. Мындан тышкары ошол райондо бир жигит дагы бир кафеге кирүүгө аракет кылганы видеокөзөмөлгө түшкөн. Учурда эки жерде тең ушул жаран экендиги иликтенүүдө.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ