Шымкенттеги турак үйлөрдүн короосунда чогулуп, жер сатууга каршы митингдерди талкууга алган бир нече жаш активистти полиция кармап кетти.
Полиция бөлүмүнөн чыккандан кийин активист Сүйүн Абдула Түштүк Казакстан облусунун акими алдыда пландалган тынч каршылык акциясы боюнча чакырып жаткандыгын билдирди. Алар досторун чогултуп, митинг өткөрүүнүн жол-жоболорун талкуулашмак.
Буга чейин Шымкенттин активисттери акимге кайрылып, 21-майда Абай паркында митинг өткөрүүгө уруксат сурашкан. Алар өкмөттүн жер сатуу жана узак мөөнөткө чет элдиктерге ижарага берүү пландарына каршы чыгышмак.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ