Menu

Лунара Мамытова: “Негизи депутат болуунун өзү “күнөө“”

Бөлүшүү:

Жакында эле өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазган Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Лунара Мамытова социалдык тармактагы өздүк баракчасында колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, журналисттер жана депутат болуунун машакаты тууралуу оюн ортого салды.

“Негизи депутат болуунун өзү “күнөө”. Мындай иштеп жүргөндө баарыбыз жакшы, депутат боло калсаң, “автоматтык” түрдө жамансың. Себеби сен депутатсын! Туура, жоопкерчилик күчөйт. Аны билип турабыз. Бирок, ошол депутат да сен, мен сыяктуу эле адам. “Адам адам туурасында жакшы гана сүйлөш керек же такыр сүйлөбөш керек” – мыкты айтылган сөз. Тааныбаса, билбесе деле тааныган адам болуп, сын айтышат. Айрыкча журналисттерге тообо!!! Жазымыш болуп, акча, белек-бечкек алгандарыңарды көрүп-билип, аң-таң деле калган жокмун. Бири-бирине тийишпей эле койсо, бирөөнүн сөзүн сүйлөп. Аялдык тилектештик, кесиптик тилектештик түшкө кирет. Султан агай (Жумагулов) КТРКда иштеп жүргөндө: “Ичи тар адам ийгиликке жете албайт. Канчалык ичти кеңири койсоң, ошончо ишиң алдыга жылат. Бирөөнүн ийгилигине көз артпа, бут тоспо. Аларды колдогонуң, өзүндү колдогонуң”, – деп айтканы эмдигиче эсимден кетпейт. Көрө албастык сени жана мени жейт! Андан арылалы достор. Жашооңдун өзгөргөнүн ошондо байкайсың. Бирөөнүн жашоосун жашап көргөн киши гана, ал туурасында жыйынтык чыгара алат экен. Андыктан жыйынтык чыгарыш али эрте…”, – дейт Мамытова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: