2019-жылдын 27-мартында, “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке салынган инвестиция” аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форуму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн. Форумга Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россиянын Агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келген. Ал эми Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КРдин жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 ЖОЖдун ректорлору катышууда.
Иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы илим-билим алкагында кызматташтыкты кеңейтүү максатында жогорку деңгээлде жана бул багытта иш алып барган өкүлдөрдүн катышуусунда өткөрүлдү.
Форумдун соңунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы Адылбек Бийбосунов жана Россия Федерациясынын Оренбург мамлекеттик университетинин ректору Жанна Ермакова кызматташтык боюнча эки жактуу келишимге кол коюшту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ