11-сентябрь күнү, “Мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Көлбаев Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары чакырылып, кайра коё берилген. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурага ушул жылдын 2-июнунда арыз менен З.И аттуу жаран кайрылган. Арыз жазган жаран 2007-жылы Жайыл районунун аймагындагы заводго ири суммадагы акча сарптап, заводдун 45 пайызына ээлик кылып калган. Заводдун башка акционерлери З.И айтпай, тиешелүү документтери жок банктан ири суммадагы кредит алышкан. Арыз ээси шылуундарга чара көрүп берүүнү суранып милицияга кайрылган.
Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине “алдамчылык” беренеси менен катталып, Жайыл райондук милициясы сотко чейинки тергөө иштерин баштаган.
Ири суммадагы кредит алган заводдун акционерлеринин бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атын атап арыз ээсин коркуткан. Буга байланыштуу Камчы Көлбаев күбө катары суракка чакырылган.
Азыркы убакта териштирүү иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ