Menu

Өзүнүн 2 жашар кызын сабаган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Интернетте кичинекей кызды ыйлаганы үчүн бир нерсе менен чаап жаткан видео тарады. Окуя унаанын ичинде болгон. Анда милиция кызматкеринин формасын кийген адам наристени уруп жатканын, аялынын “урба, жүрөгү түшөт” деп айтып жатканын да угууга болот. Бул окуя боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү жактоочу Айсалкын Карабаева өзүнүн Фейсбук баракчасына “өз кызына кордук көрсөткөн милиция кызматкери жоопко тартылбай жатат. Бул тууралуу наристенин апасы арызданууда” деп жазып чыккан. Бул билдирүүдөн кийин, Ош ОИИБинин жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анда Өзбекстандык О.Т. менен Ош облусунун тургуну М.А. 2005-жылы баш кошуп, 2009-жылы 9-майда кыздуу болушкан. Бирок кызына 2-3 ай болуп калганда күйөсү үйүнө келбей, келсе ичип келип калгандыктан экөө эки ажырым жолго түшкөн. Кийин чек арадан Өзбекстанга кызын алып өтүүдө атасынын макулдугу керек болуп кыздын милиция атасына жолуккан. Ал пасспортторун жоготуп алып, 2 жашар кызы А.А.ны эч себепсиз уруп, денесине жаракат келтиргендигин боюнча  31-май күнү Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнө 30 жаштагы О.Т аттуу жаран арыз менен кайрылган. Окуя  31-май күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Мады айылында жолдошу Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасынын ичинде болгонун билдирген. Ошондой эле жолдошуна карата чара көрүүнү суранган. Бул факты Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “денеге залал келтирүү” беренеси менен катталган.

“Тергөө учурунда кыздын атасы М.А. Кара-Суу РИИБинде иштегени такталган. Ал ошол окуя катталган күнү үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз арызы менен кызматын тапшырган. Ал үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам ачууга алдырып, ушундай окуя болуп кеткенин айтып берген. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, сотко жөнөтүү алдында турат”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: