Menu

Сугат суунун тартыштыгы супсунду суутууда

Бөлүшүү:

Дыйканчылык менен менен жашаган Араван районунун эли Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар менен болгон жолугушууда көбүнчө  айыл чарбасына  байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Жергиликтүү тургундардын айтымында,  айрым айылдарда эгин күйүп кеткен жерлер бар. Бул сугат суусунун тартыштыгынан.  Жүгөрү талаалары да араң эле бир жолу сугарылган. Ал гана эмес, “Найман” суу сактагычы, каналдар кумга толуп, тазаланбай жатат.

Төрага Дастанбек Жумабеков Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевге кайрылып, кечеңдетпей суу сактагычты, каналдарды тазалоо иштерин баштоону тапшырды .

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө да катуу сын-пикирин айткан  Төрага, – “Жай мезгили бүтөйүн, – деп жатса, эгини араң бир сугаттан чыгыптыр. Андан кайсы түшүм алынат!? Муну силердин түздөн – түз шалаакылыгынар десе болот” – деп сындады. Аны менен катар аравандыктар чек ара жабылып,  жыйналган түшүмүн учурунда сата албай жатканын айтып, даттанышты.

Аравандыктар соода – сатыкты, карым – катышты жакшыртуу үчүн Өзбекстандын Мархамат районундагы  чек ара өткөрүү пунктун ачып берүүнү суранышты. Төрага бул суроого жооп берип жатып, –  Өзбекстандык кесиптештери менен болчу жолугушууда  ушул чек ара бекетин ачуу сунушун көтөрө тургандыгын айтты. Мындан тышкары Араван эли көптөгөн социалдык-экономикалык, маданий тармактагы маселелерди талкуулап, суроолоруна жооп алууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: