Menu

Канат Исаевдин иши сотко жетти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаевдин бир кездеги кыңыр ишин кайра жандандырган Улуттук коопсуздук боюнча комитети тыкыр иликтөө менен оркойгон коррупциянын элементтерин тактап, ишти сотко өткөрдү. Эми депутаттын актыгы менен тактыгы Биринчи май райондук сотунда каралып баштайт. Эсиңиздерге сала кетсек, Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда «муниципалдык жер участогун жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин ишин өзүнө караштуу ишканага берген» деген айып тагылган. Мындан сырткары китепкананын жерин арзан баада сатып жиберген деген кине коюлууда. Кызыгы, мына ушундай айыптар тагылып жаткан кишини кечээ «Кыргызстан» партиясы президенттикке аттандырып, чоң жарышка кошту. Ат тизгини депутатты кайда алып барар экен, төргөбү же темир торгобу?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: