Menu

Видео – Олимпиадага катышууга даярданып жаткан өзбекстандык “чоң эне”

Бөлүшүү:

Гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону Оксана Чусовитина Өзбекстандын курама командасы менен Рио-де-Жанейрого барат. Бул анын 25 жылдык карьерасындагы жетинчи Олимпиадасы. Спортчу айым жеңиш үчүн күрөшүүгө дилгир.

Ушул жылы Оксана 41 жашка толот. Ал Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң улуу гимнаст болуп калмакчы. Спорттогу кесиптештери аны тамашалап, “чоң эне” деп коюшат. Гимнаст аны түшүнүү менен кабыл алат. Бирок спорт секисинде кары-жашына карбай, баары бирдей деген көз карашта.

Гимнаст Өзбекстанда төрөлгөн. Бир нече жыл Германиянын курама командасында оюн көрсөткөн. Бул жолу Рио-де-Жанейродо өтө турчу Олимпиадада ал Өзбекстандын туусу алдында чыгат.

Булак: centralasian.org

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: