Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери 8-октябрь күнү Москва районунун Сретенка айылында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында 1979-жылы туулган М.В. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Кармалган жаранды текшерүү учурунда жанынан кара куурай жыттанган өзгөчө жыты бар, жашыл-күрөң түстөгү шектүү зат салынган кап табылган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жалпы салмагы 5 килограмм 500 граммды түзгөн.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ