Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад Динамо командасы мелдешинде утуп “Өлкөнүн чемпиону” аталды.
Кубок үчүн командалар 2 тайпага бөлүнүп таймашып, 4-5-май күндөрү тайпалык оюндар орун алса, жарым финал жана финал 6-майда өткөрүлдү. Кыргызстандын кубогуна република боюнча региондордон 6 команда катышып, мелдеш Жалал-Абад шаарында 3 күнгө созулду.
Акыркы оюндун жүрүшүндө SRT Ош жана Жалал-Абад Динамо командасы 1-орунга ат салышып 1-2 эсебинде Жалал-Абад Динамо футболдук командасы жеңишке жетишти. Ошентип 1-орунду Жалал-Абад Динамо командасы ээлеп “Кыргызстандын Кубогуна” ээ болушту. Ал эми Ош SRT 2-орунду, Талас-Наше жана Баткен СОБР 3-орунду камсыздашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ