Menu

Кыргызстандын тышкы карызы 255,3 млрд сомго жетти

Бөлүшүү:

2016-жылдын 31-мартына карата өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынын өлчөмү 3 646 млн АКШ долларын (255,3 млрд сом), же 2015-жылдын ИДПсына карата 60,3 % түздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

КР өкмөтү 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган багыттарга ылайык тышкы карыздарды тартуунун катаал саясатын карманат. Жалпы тартылган тышкы насыялардын 99 % жеңилдетилген шартта алынып, 0,75-2, 0% үстөк менен 40 жылдык мөөнөткө алынган. Тышкы карыздардын 90 % ашууну ар-кандай инвестициялык долбоорлор үчүн алынган.

Өкмөт тараптан мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлин камсыздоо максатында тышкы карызды кыскартуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылы гана тышкы кредиторлор тараптан 43,5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү карыз кечилген: Германия – 13,5 млн АКШ долларын (апрель айы) жана Россия өкмөтү 30,0 млн АКШ долларын (бир жыл ичинде) кечкен.

Кыргызстан экономикасы үчүн мамлекеттик карыз өлчөмүнүн кескин өсүүсүнө жол бербөөнүн маанисин сезүү менен жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү экономикалык өсүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чаралардын тизимин кеңейтүүгө, тышкы карыз алуунун катаал саясатын жүргүзүүгө, мамлекеттик тышкы карызды кыскартууну жана натыйжалуу башкарууну камсыздоого умтулууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: