Menu

Адахан Мадумаровдун арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын атынан чечим

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун курамында: төрайымдык кылуучу А.Сатарова, сот отурумунун катчысы А.Омуралиева, доогердин өкүлү 2015-жылдын 25-июнундагы ишеним каты аркылуу аракеттенген Б.Мамытовдун, жоопкер “Азия news” гезитинин өкүлү 2015-жылдын 24-августунан тартып ишеним кат аркылуу аракеттенген А.Калагушевдин жана жоопкер А.Н.Сартбаевдин катышуусу менен ачык сот отурумда, доогер А.К.Мадумаровдун жоопкерлер “Азия news” гезитинин редакциясына жана “Азия news” гезитинин башкы редактору А.Н.Сартбаевге карата кадыр-баркын, ар-намысын жана ишкердик беделин коргоо жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арызын карап,

тапты:

Доогер А.К.Мадумаров жоопкерлер “Азия news” гезитинин редакциясына жана “Азия news” гезитинин башкы редактору А.Н.Сартбаевге карата кадыр-баркын, ар-намысын жана ишкердик беделин коргоо жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арыз менен кайрылган. Доо арызды төмөнкүчө жүйөөлөштүргөн. “Азия news” гезити коомдук-саясый газетасынын 2015-жылдын 18-июндагы санында «Аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм…» деген темада азыркы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын Теңтөрагасы А.К.Мадумаров тууралуу чындыкка дал келбеген, анын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген жана ишкердик беделине доо келтирген макала басып чыгарылган. Автору, аталган гезиттин башкы редактору А.Сартбаев.

Жарыяланган маалыматтарда, атап айтканда, биринчиден, “Бүтүн Кыргызстан” деп партия ачкан, бирок өзү бүтүндүктү ойлобой, регионалдык кызыкчылык менен саясат жүргүзгөн Адахан Мадумаровдун кылык-жоруктарына аргасыздан баш чайкайсын” – деп бүтүм чыгарылган.

Экинчиден, “Жөн жүрбөй түштүккө барып, “мен бийликке келсем, аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм” – деген сөзүн автор тырмакчага алып жарыялаган. Жоопкердин гезит бетине ачык жарыялаган, чындыкка дал келбеген А.К.Мадумаров жөнүндөгү каралоо маалыматы төмөндөгү далилдер менен төгүнгө чыгарылууга жатат деп эсептейт.

1. “Бүтүн Кыргызстан” деп партия ачкан, бирок өзү бүтүндүктү ойлобой, регионалдык кызыкчылык менен саясат жүргүзгөн Адахан Мадумаровдун кылык жоруктарына аргасыздан баш чайкайсын” – деген гезит бетине ачык жарыяланган сүйлөмү чындыкка дал келбейт. Анткени, А.Мадумаровдун кайсы жерден “бүтүндүктү ойлобой”, элди бөлүп-жарганы, кайсы учурда жана кантип “регионалдык кызыкчылык менен саясат жүргүзгөнү”, мамлекетибизге жана элге карата кайсы “кылык-жоруктарды” жасагандыгы даана, так жана айныгыс фактылар менен тастыкталаары көрсөтүлгөн эмес. Демек, жоопкердин оюнан чыгарылган, чындыкка дал келбеген маалыматтар менен А.Мадумаровду элге карата каралоо максаты көздөлгөнү ырасталат. Ошондуктан жоопкердин жогорудагы маалыматы сот тарабынан жокко чыгарылуусун сурап жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 60-беренесинин негизинде жоопкер таратылган маалыматтардын чындыкка дал келишин далилдеп берүүгө милдеттүү экендигин эскерте кеткен.

2. Ал эми, “Жөн жүрбөй түштүккө барып, “мен бийликке келсем, аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм” – деген сөзүн автор тырмакчага алгандыгы, бул сөздөрдү А.Мадумаров айткан дегендей билдирет. Бирок, гезитке жарыяланган маалымат – сөздөрдү А.Мадумаров кайсы жерде, качан жана кандай аудиторияда айткандыгын жоопкер жазган эмес. Натыйжада, коомчулукта чын эле айткан тура деген түшүнүктөр пайда болууда. Ошондуктан жоопкердин жогорудагы маалыматы сот тарабынан жокко чыгарылуусун сурап жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 60-беренесинин негизинде жоопкер таратылган маалыматтардын чындыкка дал келишин далилдеп берүүгө милдеттүү экендигин эскерте кетет. Жогоркулардын негизинде макаладагы: “Бүтүн Кыргызстан” деп партия ачкан, бирок өзү бүтүндүктү ойлобой, регионалдык кызыкчылык менен саясат жүргүзгөн Адахан Мадумаровдун кылык жоруктарына аргасыздан баш чайкайсың” жана “Жөн жүрбөй туштүккө барып, “мен бийликке келсем, аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм” деген эки сүйлөм, Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун аp-намысын, кадыр-баркын жана анын ишкердик беделин булгаган (каралоочу) маалымат жоопкер тарабынан атайылап таратуу катары эсептеп жана соттон жогоруда келтирилген чындыкка дал келбеген фактыларды төгүнгө чыгарууну суранган. А.К.Мадумаровдун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин булгаган (каралаган) маалыматтарды жоопкер өзү башкы редактор болгон гезит аркылуу жайылткан. Кыргыз Республикаеынын Граждандык кодексинин 18-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, жогорудагы чындыкка дал келбеген маалыматты жоопкер өзүнүн гезити аркылуу төгүндөөсүн талап кылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жана чындыкка дал келбеген, каралоо максатында гезитке жарыяланган А.Мадумаров айтты деген маалымат ага моралдык зыян алып келди. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 18-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жарандын ар-намысын, кадыр-баркын, укуктук жактан ишкердик беделин каралаган маалымат гезит аркылуу жайылтылгандыктан А.Мадумаровго келтирилген моралдык зыянды аныктап, мыйзамда белгиленген тартипте канааттандырып берүүнү соттон суранган. Гезитке ачык жарыяланып чыккан маалыматтардын олуттуулугун, анда А.Мадумаровдун наамына айтылган каралоонун мазмуну менен маңызын эске алып, биринчи кезекте, “АЗИЯ news” гезитине 1000000 сом жана анын башкы редакторуна 1000000 сом моралдык доо койгон.

Жогоркулардын негизинде, соттон “АЗИЯ news” гезитинин 18-июнь 2015-жылы 25-номеринин 3-бетиндеги “Аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм…”деген “Саресеп” рубрикасынын астында чыккан макаласынын “Бүтүн Кыргызстан” деп партия ачкан, бирок өзү бүтүндүктү ойлобой, регионалдык кызыкчылык менен саясат жүргүзгөн Адахан Мадумаровдун кылык жоруктарына аргасыздан баш чайкайсын” жана “Жөн жүрбөй түштүккө барып, “мен бийликке келсем, аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм” деп жазып, гезитке жарыялаган сөздөрүн (маалыматтарын) чындыкка дал келбей тургандыгын жана “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясый партиясынын Теңтөрагасы Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун ар-намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин булгаган каралоочу маалымат деп аныктап, төгүнгө чыгарууну суранган.

“АЗИЯ news” гезитинин редакциясына “Бүтүн Кыргызстан” деп партия ачкан, бирок өзү бүтүндүктү ойлобой, регионалдык кызыкчылык менен саясат жүргүзгөн Адахан Мадумаровдун кылык жоруктарына аргасыздан баш чайкайсын” жана “Жөн жүрбөй түштүккө барып, “мен бийликке келсем, аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм” деген маалымат жалган экендигин гезиттин кийинки чыга турган санынын 3-бетине А.Мадумаровдун коллаж жасалган эмес сүрөтү менен жарыялап, жогорудагы маалыматтар чындыкка дал келбестиги тууралуу төгүндөөсүн жана А.Мадумаровдон кечирим суроосун милдеттендирүүнү суранган. Жоопкер – “АЗИЯ news” гезитинен А. К.Мадумаровдун пайдасына моралдык зыяндын ордун толтуруу учун 1000000 сом өндүрүүнү, кошумча жоопкер – гезиттин башкы редактору Арсланбек Сартбаевден А.К.Мадумаровдун пайдасына моралдык зыяндын ордун толтуруу максатында 1000000 сом өндүрүүнү суранган.

Сот отурумунда, доогердин өкүлү Б.Мамытов, доо арыздын биринчи бөлүгүн кароодон баш тартып, калган талаптарын толугу менен колдоп, канаттандырып берүүнү соттон суранды.

Сот отурумуна, жоопкер “Азия news” гезитинин өкүлү А.К.Алагушев жана А.Н.Сартбаев биринчи соттук отурумдарда доо арыз менен макул болбой, бирок кийинки соттук отурумдарда доо арыз менен жарым-жартылай макул болуп, доогердин өкүлү Б.Мамытов талап кылган арыздын талаптарын канааттандырып, бирок моралдык зыяндын өлчөмүн төмөндөтүп берүүнү суранышты.

Сот, иштин материалдарын изилдеп, доо арызда келтирген жүйөлөрдү талкуулап, тараптандын өкүлдөрүнүн жана жоопкер А.Н.Сартбаевдин көрсөтмөлөрүнө укуктук баа берип, доогер А.Мадумаровдун доо арызы, төмөнкү себептерден улам канааттандырууга жатат деп эсептейт:

Иштин материалдарына ылайык “АЗИЯ news” газетасынын 2015-жылдын 18-июндагы №25(105) санында “Аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм…” деген макала жарыяланган. Жогорудагы макалада доо арызда көрсөтүлгөн маалыматтар камтылган жана макаланы жазган автору Асланбек Сартбаев көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык, граждан өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражатгары жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын «Журналисттин профессионалдык ишкердигин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесине ылайык, журналист өзүнүн профессионалдык ишкердигин жүргүзүүдө, даярдалып жаткан материалдын жана билдирүүнүн тууралыгын аныктоого милдеттүү.

Жогорудагы көрсөтүлгөн макаладагы маалыматтар чындыкка төп келбегенин жана А.Мадумаровдун абийирин, кадыр-баркын, ар-намысын жана ишкердик беделин тебелегенин жана ал макаланы төгүнгө чыгаруучу макала жарыяланышы керектигин сот билдирет.

Чындыкка төп келбеген жана А.Мадумаровдун абийирин, ар-намысын жана ишкердик беделин тебелеген макаладагы маалыматтар катары төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот.

“АЗИЯ news” гезитинин 2015-жылдын 18-июндагы №25(105) санында:

– “Бүтүн Кыргызстан” деп партия ачкан, бирок өзү бүтүндүктү ойлобой, регионапдык кызыкчылык менен саясат жүргүзгөн Адахан Мадумаровдун кылык жоруктарына аргасыздан баш чайкайсын” жана “Жөн жүрбөй түштүккө барып, “мен бийликке келсем, аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм” деген маалымат камтылган.

Жогорудагы маалыматтардын баары А.Мадумаровго тиешелүү жана аны коомдук укук принциптерин бузган, сот бул маалымагты чындыкка төп келбейт деп эсептейт. Себеби, жогоруда айтылган сүйлөмдөр далилсиз жана негизсиз жазылган, анткени ошондой эле, сот отурумунда да тастыктай турган далилдерди жоопкердин өкүлү жана макаланын автору А.Сартбаев жүйөөлүү далилдерди келтире алышкан жок.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-беренесинин 5-пунктуна ылайык өзүнө карата ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган граждандар, ошондой эле өзүнө карата ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган юридикалык жак мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык заяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражатгары жөнүндө» мыйзамынына ылайык массалык маалымат каражаттарында инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт. Мыйзамдын бул нормасын бузгандыгы үчүн массалык маалымат каражаты жана маалымат материалын алып келген инсан жоопкерчиликке тартылат.

Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык массалык маалымат каражатгары жарыяланып жаткан маалыматтардын ынанымдуулугун текшерүүгө милдеттүү жана анын ынанымдуулугу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтын булагы менен биргелешип жоопкерчилик тартат.

Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражатгары жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык массалык маалымат каражатгарында инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт.

Ошондуктан “АЗИЯ news” гезитинин редакциясы чечим күчүнө киргенден баштан 30 күндүн ичинде №25(105) санындагы А.Мадумаровду сындаган ар-намысты жана ишкердик беделди тебелеген макалаларды төгүнгө чыгаруучу макаланы жарыялоосу керек.

Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражатгары жөнүндөгү» мыйзамынын 20-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Журналистик кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү» Мыйзамынын 7-беренесинин талаптарына ылайык журналист «даярдалган материалдардын жана билдирүүлөрдүн ынамдуулугун текшерүүгө, ошондой эле капыс маалымат берүүгө милдеттүү». Бул талаптар “АЗИЯ news” газетасынын редакциясы тарабынан тийиштүү түрдө аткарылышы жетекчилик тарабынан эске алынган эмес.

Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн газетадагы маалыматтар Республиканын аймагында чектелбеген эл арасында ачык маалым болгондугуна байланыштуу, доогерге адептик запкы тарттырып, негизсиз ойлонууга, ошондой эле чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатылгандыгына байланыштуу, коомчулуктун алдында уят болуу сезиминде болуп запкы тарттырууга алып келген деп сот эсептейт.

Жогорудагы жагдайларды эске алып, сотко келтирилген далилдерге баа берип, сот доогер А.Мадумаровдун доо арызын жарым-жартылай канаттандырылууга жатат деп эсептейт.

Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 197-201, 205,211-статьяларын жетекчиликке алып, сот

чечим кылат:

Доогер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин жоопкер “АЗИЯ news” гезитине карата ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо жана келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арызы жарым-жартылай канааттандырылсын.

“АЗИЯ news” гезитинин 2015-жылдын 18-июнундагы № 25 (105) санындагы 3-бетиндеги «Аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм» деген макаладагы «Жөн жүрбөй түштүккө барып, “Мен бийликке келсем, аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм” деген маалыматтар чындыкка жатпайт деп табылсын.

Чечим мыйзам күчүнө киргенден кийин 30 күндүк мөөнөтгө “АЗИЯ news” гезитинин үчүнчү бетине төмөндөгүдөй жокко чыгаруу жөнүндө маалымат берилсин: “АЗИЯ news” гезитинин 2015-жылдын 18-июнундагы № 25 (105) санындагы 3-бетиндеги «Аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм» деген макаладагы «Жөн жүрбөй түштүккө барып, “Мен бийликке келсем, аркалыктарды 50 жыл тачке түрттүрөм” деген маалыматтар чындыкка жатпайт.

“АЗИЯ news” гезитинен Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин пайдасына 20 000 (жыйырма миң) сом моралдык зыян компенсациясы өндүрүлсүн.

Сартбаев Асланбек Нурбекочивтен Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин пайдасына 30 (отуз миң) сом моралдык зыян компенсациясы өндүрүлсүн.

Калган талаптар канааттандырылбасын.

Чечимге нааразы тараптар отуз күндүн ичинде апелляциялык ирээтте Бишкек шаардык сотуна даттануга укуктуу.

Төрайымдык кылуучу: А. Сатарова 

26-февраль, 2016-жыл, Бишкек шаары

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: