Эң башкы грант жегич – президент, мамлекет башындагылар. Мындай пикирин “Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова “Азаттык” радиосуна билдирген.
“Эң башкы грант жегич – президент, мамлекет башындагылар. Мына, өлкө бюджетинин 60% дефолт болуп, барган жеринен тиленип каржы сурап келатат. Биз алган кенедей каражатты майыптардын, абакта жаткандардын укугун коргоого, алардын коомдогу ордун жакшыртууга жумшап келатабыз. Биз жыйырма жылдан бери ушинтип иштеп келгенбиз, иштей беребиз”, – дейт Исмаилова.
Эске сала кетек, 14-майда Алмаз Атамбаев Энелерди майрамы менен куттуктап жатып, укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы чет элдик грант менен жан багып, ошол грантты актоо үчүн мамлекетке зыян келтире турган иштерди жасайт деп айыптаган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ