Menu

Акча алмаштыруу жайларынын жоопкерчилигин көтөрүү демилгесин сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште банк мыйзамдарынын аткарылышына каржы уюмдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Нурланбек Макеев, Акылбек Жапаров, Абдумажит Юсуров. Демилгечилердин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мыйзам бузууга жол бергени үчүн жеке жана юридикалык жактардын, банктардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилик жолжоболорун оптималдаштыруу жана аларды бири-бирине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам бузган жеке жактарга 2 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейин, кызмат адамдарына 3 миӊ сомдон 150 миӊ сомго чейин, юридикалык жактарга 250 миӊ сомго чейин административдик айып салуу чаралары сунушталууда.

Талкуу жүрүшүндө Өкмөт бул мыйзам долбоорун колдой турганы белгилүү болду. Ал эми айрым депутаттардан мыйзам долбооруна карата каршы пикирлер келип түшкөн.

Эске салсак, Улуттук банктын берген маалыматы боюнча, ушу тапта 1 миӊден ашуун акча алмаштыруу жайы иштесе, үчтөн бири гана бюро лицензия алып мыйзамдуу иш алпарат. Юридикалык жактын бир алмашуу бюросун ачууда жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү 1 млн сомдон 500 миӊ сомго чейин төмөндөтүлгөн. Азыр мыйзам бузган акча алмаштыруу жайлары 2 миӊ сом айып төлөп кутулуп кетүүдө. Ошондон улам, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу милдети турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: