Menu

Сөөк жегичтердин мелдешин уюштурбайлыбы?

Бөлүшүү:

Жакырчылык бизди жүдөтүп жатат деген “шордуулардын” сөзүнө кантип ишенүүгө болсун? Анткени чүйгүн этти жээрип ширин сөөктү жегиси келгендер толуп кетти “атактуу”ашканаларда. Алгач бир көпөс муну рекламалап жиберип, ал тургай аз жерден “жылдыз” болуп кете жаздаган көккө учуп.  Кийинчерээк Аскат,Камчы сыяктуу артисттер тизилип алышып, сөөктү эттен каңтарып,бири-биринен талаша тиштерин сынагандай качыратып жатып калышты. Көрсө бирөөнү келекелепби, же ошол Кара-Жыгачтагы ашкананы даңазалапбы,ушундай рекламаны жасагысы келиштиби? Түбүң түшкүр,замана дейлиби,же мактаанчак артисттер десек болобу,аны коомчулук өзү иликтеп алсын.

А чындыгында  тамак жасоонун укмуштуу жолдорун табууга эмне үчүн умтулуп жатышат,чыгаандар? Анткени көйрөңдөрдүн,көпөстөрдүн акчасын кагып алуу мүдөөсүнөн улам ушундай “көлдөлөң” ыкмага барышууда. Өткөндө бир кеңкелес бай сымал бирөө мактанды,-Ой,тимеле тилиңди тартаар “хе” жедим деп. Көрсө иттин этинен жасалган ушул тамакты таң азандан барып жеп,анан кечке мончодо убактысын өткөргөн байлардын тобу пайда болуптур. Эгерде дагы бир жерде крокодилдин этинен деликатес жегиле деп бирөө-жарым далдаңдаса ошол тарапка деле чуркап барчулар сөзсүз табылат. Себеби, кулагын уникалдуу жаңылыкка түрүп даяр турган акчалуулар чимейилдей үймөлөктөшүп алды. Ошол эле Нариман Түлеевдин универсал соода борборундагы ашкананы барып көрдүңөр беле? Ал жерде бош орун жок,болгону тооктун канатынан куурулган тамакты жеш үчүн барышат. Айтор, башка элдин кухнясына ашык болгондор не кыларын билбей,убактысын ошентип өткөрүүгө ниеттенип калышты. Чагымда жүрүп отуруп сөөк жегичтердин мелдешин уюштурат окшоп калышты. Андай мелдеште баары бир Ташчайнар утуп кетерине деле күмөн жаралбайт. Анан жакырчылык каптады деп кээ бирөөлөр умсунуп калат. Атаганат, эти эмес сөөгү сөпөт болуп жатса андайлар кайгырбаганда не кылат.

 Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: