Menu

Милиционерлердин ишин офицердик патруль көзөмөлгө алат

Бөлүшүү:

Ош облусунун аймагында мындан ары кызматта жүрүшкөн милиционерлердин иштерин офицердик патруль туруктуу көзөмөлдөмөкчү. Бул жөнүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев билдирди.

– Жакында атайын офицердик патруль кызматы уюшулду. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ар күнкү ишине такай мониторинг жүргүзмөкчү,- деп кошумчалады Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев. – Бул аркылуу милиционерлердин иши туруктуу нукка салынат. Алардын катачылыктарын оңдоого түздөн-түз жардамдашат. Бул патрулдун эң негизги эле максаты – биздин кадрларыбыздын дээрлик 70 пайызы жаңыланды, ошондуктан, буларды тынымсыз окутуп жана тарбиялап туруубуз парз!

Буга дейре жаңыдан дайындалышкан милиционерлер өз аймагындагы ар бир үйгө баш багышып, тургундар менен жеринде таанышышып, телефон номурларын калтырышып, үзгүлтүксүз байланышып турууга шарт жаратышты. Дал ушундай кадам элдин милицияга ишенимин кайрадан арттырууда.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: