Menu

Видео – Тынчтыкбек Шайназаров: “Кыргызстандагы кадр саясатын көрүп олтуруп мен “Кайран гана мамлекет!” деген өкүнүчтүү ойго келдим”

Бөлүшүү:

“Россиядан помидор кирип атса, Белорусиядан алма келип атса, Казакстандан башка азык түлүк келип атса анда биз үчүн өтө эле өкүнүчтүү болуп калды… Бир жылдан ашты, Кара-Суу районунун Нариман айылынын башчысы 12 гектар Кыргызстандын жерин мыйзамсыз сатып жибергени үчүн райондук сот соттоп, анын өкүмүн облустук сот күчүндө калтырса да ал жетекчи дагы эле кызматында иштеп олтурат”, – деп билдирди кечээ, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров.

“Ал эми Кара-Көл шаарынын акими 6 сотых жерди бир камок койгонго мыйзамсыз берип койду деп кызматтан алдыңар. Ошол эле учурда Жалал-Абад шаарынын мэриясы ГСИНге караштуу 1 гектар жерди мыйзамсыз сатып жибергени такталып, сот тарабынан артка кайтарылсын деген чечим чыгарылса жок дегенде сөгүш берип койгон жоксуңар. Таш-Көмүр шаарынын мэри мыйзамсыз иштери үчүн соттолуп, кызматтан алынсын деген соттун чечими турса да ал өз кызматында иштеп жатат. Бул эмне деген мамиле? Кыргызстандын кызыкчылыгы, жери, мамлекеттүүлүгү үчүн бул эмне деген мамиле? Же боло береби бизде ушундай? Министрлерди кандай тандайсыңар? Мына транспорт министрин алып келдиңер, 6 ай иштебей жатып жаңжал менен кызматтан кетти. Артынан кылмыш иши ачылып жатат. Бул эмне деген кадр саясаты?  Эмне сиздердин кадрлар министрликке ашып кетсе 1 жыл иштейм, уурдап-тоноп байып алайын деп барабы? Ушуларды көрүп, ойлоп олтуруп мен “Кайран гана мамлекет!” деген өкүнүчтүү ойго келдим”, – деди Тынчтыкбек Шайназаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: