Бүгүн, 6-март күнү Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Кой-Тош окуясы боюнча алдын ала угуулар уланууда.
Адвокат Замир Жоошев соттук отурумдун ачык өтүшүнө прокурорлор каршы болбогонун айтты.
“Биз соттук отурумдар ачык өтсүн деп өтүнүч келтиргенбиз. Мамлекеттик айыптоочулар каршы эмес, өтүнүчтү соттун кароосуна калтырышты” – деген Замир Жоошев.
Белгилей кетсек, буга чейин Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып жаткандардын бири – Канат Сагымбаев кылмыш иш сот арачыларынын катышуусу менен каралсын деген өтүнүч келтирген. Бирок, сот айыпталуучунун өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын 18 тарапташы айыпталуучу катары өтүп жатат. Алмазбек Атамбаевдин 5 жан-жөкөрү тергөө менен кызматташууга баргандыктан, алардын иши өзүнчө каралып, өздөрү үй камагына кое берилген.
Алар КРнын Жаза кодексинин “адам өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “бийликти күч менен басып алуу”, “массалык баш аламандыктар”, “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча айыпталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ