Menu

Өзбекстанда мугалимдерди мажбурлап иштеткен аткаминерге айыппул салынды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда мугалимдерди дарыянын жээктерин бекемдөө ишине мажбурлап алып чыккандыгы үчүн Касансай районунун акиминин орун басары Мубилло Исомиддиновго 608 190 сум (69 доллар) өлчөмүндө айыппул салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мурдараак жергиликтүү басылмалар «Жайлуу борбор» аттуу мамлекеттик программанын алкагында аталган райондо 80 мугалим дарыя жээктерин бекемдөө иштерине тартылганын жазып чыгышкан.

Быйыл февралда Өзбекстан Мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияга кошулган. Бирок андан бери өлкөдө жарандардын мажбурлап иштетилип жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр азайган жок.

Алсак, өткөн жумада эле Анжиян облусунун Избаскан районундагы №7 мектептин директору мугалимдер менен окуучуларды мажбурлап иштеткени аныкталган. Жыйынтыгында Мамлекеттик эмгек инспекциясы тарабынан мектеп башчысына айып пул салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: