Эртең, 5-июлда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Орозо айт намазы окулат. Муфтияттын билдирүүсүнө караганда Айт намазына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Бишкек мэри Албек Ибраимов катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөшөт.
Маалыматка ылайык, саат 06:00дөн баштап 07:00гө чейин дин аалымдарынын катышуусунда баян болот. Ал эми намаз 07:30да окулат.
Учурдан пайдаланып, Кyrgyztoday сайтынын эмгек жамааты баардык кыргызстандыктарды касиеттүү Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайт. Жалпыңыздардын үй-бүлөңүздөргө тынчтык, Кыргызстаныбызга бакубат жашоо, элибиздин жүрөгүнө бекем ыйман каалайбыз. Жараткан жасаган жакшы иштериңиздерди жана туткан орозоңуздарды кабыл кылган болсун!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ