Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна жеке талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө Ош шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялар коалициясы жана премьер-министр укуктуу.
«Мамлекетте демократиялык принциптерди мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин өркүндөтүү жана шаардык депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында шаардын мэринин кызматына талапкерди көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алдым. Шаардык кеңештин депутаттары шайлоочулардын мүдөөсүн эске алып, кесипкөй, тажрыйбалуу иш-билги адамдарды тандап, алар шаар жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн иштейт деп үмүттөнөм”, – деп айтылат премьер-министрдин Ош шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылуусунда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ