Кыргызстанда анемия дартынын деӊгээли өтө жогору. Мисалы, акыркы маалыматтарга караганда, 6 жашка чейинки балдардын 43 пайында, төрөй турган курактагы аялдардын 50 пайындан ашыгында темирдин жетишсиздиги байкалган. Темир организмге кызыл кан таякчасын бере турган элемент. Мындай абал кийинки муун үчүн кыла кооптуу жагдай болуп саналат. Бул тууралуу депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Организмдеги темирдин жетишсиздиги негизинен нан аркылуу толукталат. Жогорку Кеӊеш ун азыктарын темир менен байытууга байланыштуу мыйзамды кабыл алып бергенине бир жылдан ашты, бирок ал мыйзам ушул кезге чейин иштей элек. Өкмөт мыйзамды иштетүү механизмдерин иштеп чыгышы керек эле. Биз бул маселени көзөмөлгө албасак болбойт. Келечек муундун тагдырын ойлошубуз керек», – дейт депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ