Menu

Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаева Норвегиядагы эл аралык конференцияга катышууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Жогорку Соттун судьясы Бактыгүл Аманалиева «Качкындардын укуктары маселеси жана сот тутумунун ролу» аталыштагы семинарга катышууда. Жогорку Соттун өкүлдөрү ошондой эле «Качкындардын европалык укугу – кризис учурунда коргоого алуу» деп аталган конференцияга дагы катышып жатышат. Бул иш чара Качкындардын укуктары боюнча судьялардын эл аралык ассоциациясы тарабынан уюшулган.
Аталган конференция качкындардын укуктары менен байланыштуу заманбап маселелерди эл аралык жана улуттук деңгээлде кароо максатында өткөрүлүп жатат. Андагы негизги көңүл качкындардын европалык укугу жана аларды кризис учурунда коргоого алуу маселесине бурулууда.
Иш чаралар 2016-жылдын 18-20-майында Осло шаарында (Норвегия) өтүүдө. Конференциянын ишине 30 мамлекеттен 130 судья катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: