Бүгүн, 20-майда Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” медресесинде “Сулайман-Тоо» кайрымдуулук коомдук уюму каалоочулардын балдарын акысыз сүннөткө отургузуу боюнча 2 күндүк иш-чарасын башташты. Иш-чаранын ачылышына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысынын орун басары Анносхан Ташхужаев жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Ачылыш азем Куран окуу менен башталып, облус казысы Самидин кары Атабаев жалпы катышуучуларды куттуктап, эркек балдарды сүннөткө отургузуунун Исламдагы маанисин түшүндүрүп, сүннөткө отургузуунун медициналык жактан да ден-соолукка пайдалуу жагдайлары бар экендигин белгиледи.
Уюштуруучулардын айтымында таң эрте менен эле балдарды сүннөткө отургузуу үчүн кезекке тургандардын саны 240 адамды түзгөн, бул тизме дагы бир топко узарышы мүмкүн. Сүннөткө отургузуу милдетин Түркиянын Адана шаарынан келген эки дарыгер-хирург аткарышууда. Сүннөткө отургузуу гигиеналык жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатын көздөп, акыркы үлгүдөгү аппараттардын жардамы менен заманбап шартта оорусуз ыкмалар менен жасалууда.
Эскерте кетсек, аталган иш-чара 18-19-майда Өзгөн районунда өткөрүлгөн, алдыда Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ