Menu

Бахтияр Алиевдин аферистигин алдыртан сезген “Комиссар Катани”

Бөлүшүү:

Жаз алды менен курчуган саясый кырдаалда айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев бийликке ыксыз тап берген саясый күчтөргө кошулбастан, кырдаалды анализдеп, оппозициялык топторго тилектештигин гана билгизип, абалга байкоо салып турган. Анан эле капыстан «Элдик парламент» аттуу саясый күч түзүлүп, бийликти алмаштырышаарын, артында Россия чалгын кызматынын Бактияр Алиев баштаган генералдары калканыч болуп тураарын жар салышкан. Мындай кабарды уккан Суваналиев мыйыгынан жылмайып, Бактияр Алиевдин аферисттигин, тек гана кыргыз саясатчыларынын башын айлантып, акыры аңга тыгаарын кабарчыбызга айтканы бар. 2010-жылдын май айында Бактияр Алиев өлкөдө контрреволюция жасоого жан үрөшкөн Үсөн Сыдыков, Нариман Түлеев, Мамасадык Бакиров, Исхак Масалиев сындуу эски-режимдин «арзыматтарын» Убактылуу өкмөткө каршы айдактап, акыры аларды отко салып, баса бергенин, бүгүн да «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнөн турган айрым саясатчыларды Алиев тымызын аңга түртөөрүн «Комиссар Катани» негиздеген эле. Ар убак оперативдүү маалыматтарга эгедер Суваналиевдин айтканы бүгүн таамай түрдө дал келип туру. Бактияр Алиевге карата жакында абактан чыккан Нариман Тулеев да мүнөздөмө берип, аны бир байкушка салыштырды. Кызыгы, биздин саясатчыларды алгач «алтын шилекейлери» менен арбап, андан соң аңга түрткөндүн «мастерине» айланган Алиевдин кезектеги курмандыгы ким болоор экен?

Булак: “Азия news”    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: