Кыргызстандагы мурунку 27 өкмөт башчынын бири катары элдин эсинде калган Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүн жетектеп турганда чет элдик уюмдарга кызматтык сыр деп эсептелген маалыматтарды саткан деген айып менен Биринчи май райондук соту 12 жылга соттоду. Мамлекетгик айыптоочулар “саткынга” 22 жыл сурашкан. Чынында мамлекеттик сырды саткандарга сооп жок, өмүр бою соттосо да болот. Атасынын атын булгап койгон Алтынбекке кеминде 20 жыл туура эле болмок. Ал эми жашы өр тартып калганда атасы Амангелди аксакалга жаман болду, эл караган бети жер карап дегендей. Ошентсе да, ал Ак уйдү айланчыктап жүрөт. Так айтканда, президенттин өзүнө кире албаса да, аппарат башчы Фарид Ниязовдон жардам сурап, абалды жеңилдетүүгө аракет кылып. Бирок компартиянын үлгүсүн алып жашаган, Сталинди, Ленинди кумир туткан адам кичине ойлонсо болмок. Сталин деле согуш учурунда офицер баласын Гитлердин эки генералына алмашпай койбоду беле. Ага караганда бул жеңил маселе. Алтынбеги аман болсо,12 жылга жетпей эле чыгып келээр.
Булак: “Багыт kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ