Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун соттук иши Чубактын кунундай эле чубалжып, барган сайын жаңы кызыктардын бети ачылып барат. Маселен, бул кылмыш ишин иликтеп, тергөөгө алышкан Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Манас Кыдыралиев менен Мирбек Расуловдор кылмыш иштин фабуласын бир аз болсо да өзгөртүүгө аракет кылышкандыгы боюнча маалыматтар тарады. Бул эки эрен өткөн эки революцияда тең бир катар чуулгандуу иштерди иликтегени менен белгилүү болуп келишкен. Мирбек Расулов президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун ишин кадимки жол кырсыгы катары баалап, жаап койгондугу эле көп нерседен кабар берип турат. Ошондой эле бул экөө Урмат Аманбаеванын, Карганбек Самаковдун, Игорь Чудиновдун кылмыш иштерин да тергешкен.
Булак: “Багыт kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ