Үстүбүздөгү жылдын төрт айында өз жанын кыйгандардын саны 39 адамга жеткен, алардын ичинен 37си мектеп окуучулары. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева бүгүн Жогорку Кеңеште балдар арасында өз жанын кыюу учурларынын көбөйүп кеткендиги жөнүндө жана аларды алдын алуу боюнча өтүп жаткан өкмөттүк саатта билдирди.
Анын айтымында өспүрүмдөр арасындагы өз жанын кыюу фактысы дүйнө жүзүндө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө да кездешип жатат. Өз жанын кыюу көрүнүшүнө социалдык жана ден-соолук факторлор, интернет, телеканалдар дагы орчундуу таасир этип жатат.
“Төрт айдагы көрсөткүч боюнча 27 мектеп окуучусу ата-энеси менен болгон чыр-чатактан улам, 2 окуучу оорунун айынан өз жанын кыйган. Калгандарынын себептери иликтенип жатат”, – деди Кудайбердиева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ