Буга чейин картөшкөлөрүбүздү татынакай эле тамшанып жеп келишкен казактар «картөшкөңөр курттап кетиптир» деп кесирленип туруп алышты. Бажы деген союздун талабына таянышып. Мунун кесепетинен адатта Казакстанга кирчү миллионго чукул тонна картошка чирий баштады. Эмгектери талаага кетип, ичтеринен «кан өткөн» дыйкандар айласы кеткенде Ак үйдүн алдына келишкен эле. Билермандар аларды көздөн оолак кылып, Кожомкул атындагы спорт сарайынын ичине ээрчитип барып, «чечебиз, жайгарабыз» деген жооптору менен жолго салышкан. Бул окуя тээ ала жазда эле болгон. Чирип, соолуп, арзыбаган тыйынга айланып калган картөшкөлөр жөнүндө дээрлик баардык телеканалдарда, гезиттерде айтылып, жазылып да жатты. Бирок, өкмөтүбүздүн агрардык саясаты тоңгон бойдон тоңуп туруп алды. Ал ортодо башка нерселерден башы чыкпай калган баш бакан Т.Сариев кызматтан кетип калды. «Агрардык саясатты жакшы билет» деген жаңы өкмөт башчы деле чечкиндүүлүк кыла албады. Маселе минтип, «өрттөнүп» жаткандан кийин Казакстанга учуп барса деле болмок? Түштөн кийин Еревандан эсине келбей (жакында Арменияда болуп өткөн ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен болгон жолугушууда). С.Жээнбеков ошо жерден гана казак өкмөт башчысы К.Масимов менен жолугуша алды. Картөшкө маселеси боюнча сүйлөшүп. Эми эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгы болсо, 8-июнда өтүүчү Бишкектеги КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына утурлай чечилмекчи болуптур. Ага чейин картөшкөлөр дагы чирийт, соолуйт. Алтургай жаңы картөшкөлөр өсүп чыгат. Кайран дыйкандардын эмгеги…
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ