Сузактын Алмалуу-Бак айылында жер көчкүдөн жабыр тарткан жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Жалал-Абаддагы “Элим барсыңбы” коомунун демилгесин Жалал-Абад милициясы жана казыят колдоп материалдык жардамдарын тартуулашты.
Буга чейин Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында жер көчкүдөн жапа чеккен жарандарга материалдык жардам көрсөтүлүүсү каралып, колдоого алынган.
Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун айтымында, элибизге кандай гана кыйынчылык башына түшпөсүн милиция кызматкерлери дайыма эл менен бирге болушу зарыл.
“Алардын кайгысын да кубанычын да биз тең бөлүшүүгө аракет кылабыз. Мындай айттырбай келген бөөдө кырсыктардан, апаат күндөрдөн сак болуп, элибиздин башына кыйынчылык түшүп турганда катардагы биздин кызматкерлер кайдыгер карап турбастан колдоого алып, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардамын аябайт”, – дейт Ж.Жоробеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ