31-майда “Кабар” маалымат агенттигинин сайтында “Кумтөр боюнча өкмөткө соттошпоо жолун сунуштайм” аттуу Жогорку Кенештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ой-пикири делген маалымат жарыяланган. Бирок, “Кабар” маалымат агенттиги өз ара териштирүүлөрдөн кийин, аталган маалымат жалган экенин аныктоо менен, Чыныбай Турсунбековдон кечирим сураганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда интернет-сайтка жарыяланып кеткен Турсунбековдун айтканы тууралуу маалымат кабарчынын шалаакалыгынан улам болгону, мындай кемчилик үчүн “Кабар” агенттиги төрагадан кечирим сурай тургандыгы айтылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ